УКМК «Беш-Сары» соода борборунун негиздөөчүсү, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди кармады

«Беш-Сары» соода борборунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 22-февралда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде «Беш-Сары» соода борборунун администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келген. 

«Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми  иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле соода борбордун эсеп-кысап бөлүмү салык документтеринде «соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды» берип келген.

Андан сырткары атайын кызматтан ижара келишимин түзүүдө ишкерлерге документтин экинчи нускасы берилбегенин билдирди. Соода түйүндөрүн өз чөнтөгүнөн оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ижарачылардын «ижарага алуу укугун жана шарттарын» тастыктаган документтери болгон эмес.

21-февралда кармалган соода борбордун жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 

Камчыбек Жолдошбаев — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон.  

2021-жылы Жолдошбаев  декларацияга «Жалдагы» хан сарайын эмес, чакан батирин көрсөткөн. Аталган хан сарай  Жолдошбаевдин өзүнө эмес, анын «Беш сары» компаниясына катталган

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Жолдошбаев декларацияга «Жалдагы» хан сарайын эмес, чакан батирин көрсөткөн

УКМК: «Айчүрөк» соода борборун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды