УКМК: «Айчүрөк» соода борборун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

Кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «кылмыштуу кирешелерин адалдоого катышкан» деген шек менен «Сити Центр» ишканасынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу 24-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Атайын кызматтан билдиришкендей, «Сити Центр» ишканасы «Айчүрөк» соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат. Шектүү соода борборундагы соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенип келген. 

«Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана  мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө», — дешти УКМКдан. 

Буга чейин УКМК «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) ээси Анвар Габбазов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин «кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого жана кылмыштуу кирешелерин адалдоого катышкан» деп шектелип, эл аралык издөөгө алынганын билдирген. Ал эми соода борбордун администрациясы Габбазов «Айчүрөктүн» ээси эместигин айткан.

Көлбаевдин өлүмү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болгон. Ал 4-октябрда Бишкекте УКМКнын кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн.

Кийин УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашык активдүү мүчөсү менен лидерлери кармалганын билдирген. Алардын арасында ири бизнесмендер да бар.

Атайын кызмат 9-октябрда Көлбаевдин мыйзамсыз жол менен тапкан мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 миллиард долларга жакын экенин, алар камакка алынганын белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА: 

УКМК: «Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды

ЦУМдун администрациясы Габбазовдун соода борборго тиешеси жоктугун билдирди

Көлбаевдин 700дөн ашуун батири мамлекетке өттү