«Аялдардын турмушу — замандын күзгүсү». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш өттү

Аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш. Сүрөт: «Клооп»

Бишкекте 8-март күнү аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш уюштурулду. Ага болжол менен 500гө чукул адам катышты. Иш-чарага аялдар менен бирге мырзалар дагы келди.

Жүрүштүн катышуучулары саат 12:00дө Уркуя Салиеванын эстелиги деп аталып жүргөн «Революциянын каармандарына» арналган монументтин алдында чогулуп, Горький атындагы гүлбакка чейин басып барышты. Жүрүш милиция кызматкерлеринин коштоосунда тынч өттү.

Катышуучулар «Аялдардын турмушу — замандын күзгүсү», «Зомбулукка жол бербейбиз», «Келечек колубузда», «Эркин кыз — эркин Кыргызстан» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Ошондой эле акциянын катышуучулары аялдардын эркингиди, сапаттуу билим, татыктуу эмгек-акы, саясатка эркектер менен тең ата катышуу, үйдөгү коопсуздук сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Жүрүшкө мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталган Асел Ногойбаева да катышып, сөз сүйлөдү. Ал коомдо зордук-зомбулуктун бардык түрү айыпталмайн жылыш болбойт деп белгиледи.

«Менин окуям, күн сайын зомбулукка кабылган жүз миңдеген аялдын окуясы — бул талкаланган тагдырлардын, талкаланган жашоонун баяны. Коомдо зордук-зомбулуктун бардык түрү айыпталмайн жылыш болбойт. Зомбулук улана берет. “Бир эле жолу сабады, балдар үчүн жашаш керек” деп чыдабаш керек. Эже-сиңдилерим, өзүңөр үчүн туруп, укугуңарды, өмүрүңөрдү, ден-соолугуңарды коргогула. Зомбулкка чыдабагыла!» — деди ал.

Аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш. Сүрөт: «Клооп»

Кыргызстанда аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштөр жыл сайын өтүп келет. 2023-жылы марш Бишкекте жана Ошто өткөн. Анда жүрүштүн негизги темаларынын бири аялдардын эркиндикке жетүүсүндөгү тилектештик болгон.

Жүрүштөрдө чагымчыл аракеттер да болбой койбойт. Алсак, 2020-жылы Бишкекте тынчтык маршында белгисиз беткапчан, ак калпакчан кишилердин тобу уюштуруучуларга жана катышуучуларга кол салган. Анда милиция кол салгандарды кармагандын ордуна акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2023-жылы өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 8340 кылмыш иши козголгон. Бул 2022-жылга караганда 3159 ишке көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кызга кырк үйдөн колдоо». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш уюштурулду