Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 22-декабрда «Ким экен?» ютуб-каналына маек куруп, шайлоодон утуп кеткен учурдагы пландары, оппоненттеринин компроматтары жана анын командасынын октябрь окуяларындагы бирдиктүү иштегени тууралуу айтып берди.
Жапаров журналист менен «Ала-Арча» мамрезиденциясында жолуккан. Жапаровдун айтымында, мыйзам ага президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенден кийин деле резиденцияда жашоого тыюу салбайт.
УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин компроматы тууралуу
Садыр Жапаров Сегизбаевдин ага карата компроматы бар экендигинен күмөн санаарын айтты.
«Компроматтар бар болсо мындан он жыл мурда эле алып чыгышмак. Анткени мени 2017-жылы камашканда Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болгон. Мени камагандан кийин болгон компроматтарын алып чыгышпады эми, үч жарым жыл мурун эле. Эми аны катып жаткан кандай компроматы бар экен? Мени камаган кезде алып чыгышы керек эле да булар. Эми азыр компроматтар баягы эле тигил айтты, бул айтты деген эле ушак сөздөр болушу керек», — деди Жапаров.
Контекст: УКМКнын мурдагы башчысы жана президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 24-ноябрда «Саясий коктейль» көрсөтүүсүнүн эфиринде Жапаров «кимдин көрсөтмөсү менен» 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгендигин билем деп айткан болчу. Бирок Сегизбаев ал адамдын атын саясий агитация башталганда айтарын билдирген. Ал эми журналист Елена Нечаевага 14-декабрда курган маегинде, көрсөтмө Минсктен келгенине ишенерин айтып, Жапаровдун качкын президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар экенин кыйыткан.
Жапаров Сегизбаевге салыштырмалуу башка талапкерлерге компромат чогултпай турганын айткан.
Ал президенттикке талапкерлердин программасы менен тааныша электигин, ошондуктан кимге добуш берери боюнча чечим кабыл ала элек экенин белгиледи.
«Мамлекетке, элге зыянын келтирбеген, элдин мүлкүн уурдабаган талапкерлерди тандайт элем. 18 талапкердин ичинен жок дегенде эле 15-16сы таза деп эсептейм», — деди Жапаров.
Президенттин бийлигин күчөтүү тууралуу
Жапаров эмне себептен Конституцияга түзөтүү киргизүүнү сунуштаганын жана эмне үчүн президенттик башкарууну колдой турганын айтып берди.
«Бүгүн бизде үч бийлик бутагы бар: парламент, президент жана өкмөт. Биз системаны бийликтин бир бутагы кадр маселесин чечкидей кылып түзүшүбүз керек. А бизде бүгүн үч бийлик бутагы чечип жатат», — деди Жапаров.
Анын пикиринде, партиялык тизме менен шайланган парламенттеги көпчүлүк коалиция «өлкөнү үчкө бөлүп» өз кадрларын дайындап жатат. Ошол эле учурда, президент жана премьер-министр «өзү билгендей» кадр саясатын жүргүзөт.
«Биз мунун баарын бир системага, президенттикке бириктирдик. Ошол эле учурда, тең салмактуулук сакталып, судьялар парламенттин чыпкасынан өтүшү үчүн сот системасын парламентке бердик. Ошондой эле, өкмөттүн толук курамы, премьер-министрден баштап башка министрлерге чейин Жогорку Кеңештен өтүшү керек», — деп эсептейт талапкер.
Жапаров шайлоодо жеңсе, колуна тийген бийлик адамдык сапаттарын өзгөртө албайт деп билдирди.
«Мен өзүмө ишенем, бийлик мени өзгөртпөйт. Байлыкты да, жакырчылыкты да көрдүм, колумда бийлик да болду, бул башыман өткөн», — деди Жапаров.
Ошондой эле, эл аны президент катары шайлабаса, бизнеске кете турганын кошумчалады.
«Саясатка келгенге чейин нефти жана айыл-чарба тармагында иштегем. Бул тармакты жакшы билем. 90-жылдардан 2005-жылга чейин бизнес чөйрөсүндө жүргөм. Ал кезде Балыкчыга чакан завод жана май куюучу жайларды курган болчумун» — деди ал.
«Командамдын аракети»
Жапаров премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турганда туугандарын жогорку кызматтарга дайындаганын мойнуна аларын билдирди. Бирок, анын айтымында, мындай чечимди кабыл алууга башка талапкерлерди кароого убакыттын тардыгы себеп болгон.
«Ал убакта ойлонуп, кадр тандап, бир жумалап резюме карап отура тургандай убакыт болгон жок. “Ким жардам бере алса, анда бул тармакка бар” дедик. Президент жок болду, премьер жок, баары качып кетти, өлкөдө эч кимиси жок болуп калды, өлкөдө бир күн хаос болуп калды да. Ошону биз алдын алып, болтурбоо үчүн жасаган аракетимдин жыйынтыгы менен ошол экөө барып ошол жерге туруп калыптыр [Жапаров бул жерде кызматтарга койгон эки кудасы тууралуу айтты]», — деди президенттикке талапкер.
Анын айтымында, Жапаровдун командасынын аракетинин жардамы менен Бишкекте талап-тоноолор, кол салуулар болгон жок.
«2010-жылкы окуяны билесиздер, кан төгүлгөн, банктардан акчалар чыгарылып кеткен, байлардын автоунааларын айдап кетишкен. Ал эми бул жолу, мен дебейин, команда менен бир күндө колго алып туруп, бир күндө тартипке келтирдик. Бир айнек чагылган жок, бир банк тонолгон жок, акчалар чыгып кеткен жок, байларды тоноо болгон жок, рэкет болгон жок. Бул колума тийген, көзүмө көрүнгөн кадрларды алып барып, ар кайсы жерге башчылыкка койгонум үчүн болду», — деди Жапаров.
Контекст: Жапаров айтып жаткан окуялар октябрда, 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин болуп өткөн. Анда шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес миңдеген адамдар Бишкектин борбордук көчөлөрүнө митингге чыгып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Митингдер күчөп, массалык кагылышууларга жеткен. Андан соң Ак үй басылып алынып, Жапаров абактан бошотулган.
Премьерлик кызматка Жапаров 14-октябрда келгенин эске алганда, канткенде анын кадрлары башаламандык менен күрөшкөнү түшүнүксүз. Анткени өзүнүн кишилерин 15-октябрда президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин кызматтарга дайындап баштаган. Башаламандыктар, анын ичинде дүкөндөрдү талкалоо аракеттери буга чейин, 6-октябрда катталып, ыктыярчы-элдик кошуундар шаарды коргоп калуу үчүн көчөгө чыгышкан. Өздөрүн Жапаровду колдогондор деп атаган топтор журналисттерди коркутуп, резиденцияны басып кирүүгө, витриналарды талкалоого аракет кылган болчу — бирок саясатчынын адвокаты дароо эле бул фактыларды мойнуна алуудан баш тарткан.
Элдик кошуун бүткүл дүйнөдөгү кайрымдуу, кайдыгер эмес адамдардан чогулган акчага алынган ысык чай жана тамак-аш менен жылынып, тынч райондорду күзөтүп, соода-борборлорун жана өкмөттүк имараттарды талоончулардан коргошкон. Алар Telegram жана Instagram аркылуу иш-аракеттерин координациялап турушкан. Жапаров болсо элдик кошуундун мүчөлөрү менин адамдарым деп билдирген. Бирок шаарды коргогондор бир дагы саясатчыга тиешеси жоктугун айтып чыгышкан.
Кытай менен мамиле тууралуу
Жапаровдун айтымында, Кыргызстан Кытайдан көз каранды болгонуна жана ири карызы бар экенине карабай жарандар алардан коркпошу керек.
«Алар эч кандай жерибизди тартып албайт, тартып алганга акысы да жок. Ооба, эгер акчасын төлөй албай калсак, үстөк пайызы өсүшү мүмкүн. Бизге доомат коюлушу мүмкүн. Бирок жерибизди тарттырып карап отурбайбыз да. Кытайдан дагы кутулабыз, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Узартып жатабыз насыяны [төлөө мөөнөтүн]. Макул болуп жылдырып берип жатышат. Карыздарды өзүнүн жолу жана убагы менен төлөп бергенге күчүбүздү жумшайбыз», — деп билдирди Жапаров.
Ал жарандар кытайлыктардан коркушканы менен насыя каражаттардын коротулушуна аткаминерлер күнөөлүү экенин белгиледи.«Карызды төлөш үчүн ички ресурстарды карайбыз. Кудай буйруса [эгер президент болуп шайланып калса] биринчи 5 жылдыкта тышкы карыздан кутулабыз», — деп белгиледи ал.
Башкаруу формасы боюнча референдум жана кезексиз президенттик шайлоо
Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт өтөт. Шайлоочулар мамлекет башчысынан тышкары башкаруу формасын дагы тандашы керек болот.БШК президенттике ат салышчу 18 талапкерди каттаган. Үгүт иштери 15-декабрда башталып 9-январга — добуш берүү алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат. Бирок, президенттике талапкерлер Садыр Жапаров тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканына даттанышкан.
Жапаров өлкөдө бийлик алмашкандан кийин президенттик кызматка талапкерлигин койду. 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар Ак үйдү басып алышкан. Ошол эле түнү митингчилер колония жана тергөө абактарынан бир катар саясатчыларды бошотуп чыгарышкан — алардын арасында адамды барымтага алуу үчүн жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаров да болгон.
Мындан кийин Жапаров тарапкерлеринин коркутууларынын жардамы менен өкмөт башчыны, президентти жана парламент спикерин отставкага кетире алган. Алгач ал министрел кабинетин жетептеп баштап, андан соң президенттин милдетин аткара баштаган.
Шайлоого катышуу үчүн ал өз ыйгарым укуктарын тапшырган, бирок президенттин м.а. жана парламенттин спикери кызматына үзөңгүлөшү Талант Мамытов келген. Анын дагы бир үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылыгына дайындалган. Мындан башка маанилүү кызматтарга да анын тарапташтары келген.
«Ханституция»
Өлкөдө Конституциялык реформа өткөрүү — «Мекеничил» партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы пункт. Аталган партияны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздеген. Жапаровдун айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек.
Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштаган. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.
Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Башкаруу формасын аныктоого багытталган референдум өткөрүү мыйзамын парламент 10-декабрда, дароо үч окууда жактырган. Мыйзам долбоору референдум өткөрүүнү шарттайт, анда Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасы үчүн добуш бериши керек болот.
Ар жекшемби күндөрү Бишкекте Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынчтык марштары өтүүдө. Ага жүздөгөн адам катышып, маршта «ханституцияга», эркиндикти жана адам укуктарын басмырлоого жол берилбеши керектиги, өлкөдө демократия жана парламентаризм болушу абзелдиги талап кылынууда.