Журналист Болот Темиров АКШнын коррупцияга каршы күрөш боюнча сыйлыгын алды

Factcheck.kg басылмасынын башкы редактору Болот Темиров 23-февралда АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Коррупция менен күрөшүүнүн алдыңкысы» деген сыйлыгына татыды. Бул сыйлык алгачкы жолу дүйнө жүзү боюнча коррупцияга каршы, бийликтин ачык-айкындуулугу үчүн күрөшкөн 12 адамга ыйгарылды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

«Башка көптөгөн күчтүү талапкерлер менен ат салышып, Темиров мырза узак жылдар бою мамлекеттик коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка көңүл бурган иликтөөчү журналист катары сыйлыкка ээ болду», — деп жазат элчиликтин басма сөз кызматы.

Болот Темировго сыйлыкты АКШ элчиси Дональд Лу тапшырып, уюшкан кылмыштуулук жана коррупция – бул бир медалдын эки тарабы экенин, ал эми Болот Темировдун иши экөөнүн тең бетин ачып турарын белгиледи.

«Кыргыз эли Болот сыяктуу эр жүрөк журналисттер укук коргоо органдарынын Райымбек Матраимов жана Камчыбек Көлбаев сыяктуу адамдарды кылмыштары үчүн жоопко тартуу максатында жүргүзгөн иш-аракеттерин колдойт деген ишенимге ээ болушу керек», — деп белгилейт Лу.

Темиров бул сыйлыктын алгачкы 12 лауреатынын бири болгону ал үчүн «чоң сыймык» экенин айтып, биринчи кезекте Кыргызстанды дүйнө жүзү таанып жатканына кубанганын билдирди.

«Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүп жатканыбызды жана бийликтин ачык иш алып барууга бет алып, отчёттуулугун жогорулатуу жолуна түшкөнүн бүткүл дүйнө билет. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМКлары) өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган көзкарандысыздыктын жана эрдиктин деңгээлине жете алды», – деди журналист.

Элчилик Америка кошма штаттары коррупция менен күрөшүүнү биринчи кезектеги милдети катары карарын баса белгилейт. Мындан улам 2020-жылы эле АКШ 41 коррупциялашкан чет өлкөлүк мамлекеттик кызматкерди аныктап, аларды «Магнитский тизмесине» киргизген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 22-октябрда укук коргоо органдары тарабынан кармалгандан кийин, жубайы Уулкан Тургунова менен бирге 2020-жылдын декабрь айында «Магнитский тизмесине» кирген.

«Учурда Кошмо Штаттар Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тармагын үзгүлтүккө учураткан маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык сунуштоодо. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында жана бүткүл дүйнө жүзүндө коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү колдосун улантат», — деп жыйынтыкталат элчиликтин билдирүүсү.

АКШ элчилиги коррупцияга каршы

Матраимов жана анын жубайы санкциялык тизмеге киргизилер алдында Американын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу кыргыз бийлигин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жетиштүү аракет кылбай жатканы үчүн сынга алган. Анын айтымында, дал ошол «Клооп», «Азаттык», OCCRP жана Factchechk.kgнин журналисттери өз иликтөөлөрү менен өлкөдөгү коррупциялык схемалардын бетин ача башташкан.

Ошондой эле элчи кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Матраимовдун кармалышын «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоштуруп», бирок бул күрөштүн «башталышы гана болушу керек» деп билдирген.

Анда Кыргызстандын ТИМи элчи Дональд Лунун билдирүүсүн «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана тергөөгө басым кылуу» катары баалаган.

Болот Темиров деген ким?

Темиров 2018-жылдан бери иликтөөлөрүн чыгарып келе жаткан Factcheck.kg басылмасынын редакциясын жетектейт. Алардын иликтөөлөрүндө көбүнесе аткаминерлер, саясатчылар жана аларга жакын адамдар, анын ичинде мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемалар башкы фигурант.

Ошондой эле Factchek.kgнин журналисттери фейк аккаунттардын жүзүн ачып, саясатчылар менен ишмерлердин сүрөттөрүнүн чын-төгүнүн (мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Азаттык» жана «Клооптун» коррупцияга каршы иликтөөсүндө фигурант болгон Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн болушу ыктымал сүрөтүн) текшерип, Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу аксессуарлары тууралуу жеке иликтөөсүн чыгарышкан.

Уулкан Тургунованын (Матраимовдун жубайынын) «майда-чүйдө» чыгымдары тууралуу иликтөө жарык көргөндөн кийин басылманын сайты DDoS чабуулга кабылган. Factсheck.kg сайтынын иликтөөсүн дагы бир нече ири кыргыз басылмалары да өз сайттарында чыгарып, алар да кибер чабуулга кабылышкан.

2019-жылы январда белгисиз үч адам Темировду сабап кетишкен. Анда кол салууну анын кесиптик ишмердиги менен байланыштырган, бирок милиция кол салууну «Тоноо» беренеси менен каттаган. Кийинчерек кол салгандар табылып, алар 50 миң сомдон айыпка жыгылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Жакындан бери Темиров башка белгилүү иликтөөчү-журналист Али Токтакунов менен бирге иш алып бара баштады. Алар биргеликте Матраимовдун «бажы империясын» жана анын парламенттин спикери Талант Мамытов менен байланышын текшерүүнү улантышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Матраимовдун ишин караган прокурор бажы жана «Мекеним Кыргызстан» менен байланышта — Factcheck.kg