Боршайком жыйын өткөрүп, 2021-жылдын 11-апрелинде Конституцияны алмаштыруу боюнча өткөн референдумду өттү деп тааныды.
БШКнын маалыматына ылайык, өлкөдө жана чет өлкөлөрдөгү 54 аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилип жана кабыл алынды. Референдумга добуш бере ала тургандардын 36,6%ы келген.
Алардын ичинен жаңы Конституцияны шайлоочулардын 79,3%ы колдоп, 13,7%ы — каршы чыккан.
Эми Кыргызстанда жакынкы айларда дээрлик бардык мыйзамдар, андан сырткары учурда иштеп жаткан кодекстер жаңы Конституцияга жана жаңы башкаруу формасына ылайыктап өзгөртүлүшү керек.
Жазык, Жазык-процессуалдык кодекстери, Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуулар жөнүндө кодекс бир айдан кийин Жогорку Кеңешке киргизилет. Аларды жумушчу топтун мүчөлөрү келерки эки аптада даярдашат, бирок талкууларга ЖМКлар киргизилбей жатат.
Журналисттерди башкы прокурор Курманкул Зулушев талкуунун экинчи күнүндө эле чыгарып салган. Талкуунун биринчи күнүндө ЖМКлар Зулушев 16 жашка жете элек адам менен жыныстык катнашка баруу үчүн кылмыш иштерин «салт жана менталитетти эске алуу менен» кароо керектигин айтканын жазышкан. Анын айткандары дароо сынга алынган — соцтүйүн колдонуучулары башкы прокурорду педофилияны пропаганда кылууга аракет кылды деп айыпташкан.
Медиаэксперттер башкы прокурордун билдирүүсүн учурда иштеп жаткан Конституцияны бузуу жана аткаминердин «каалоосу» деп аташкан. Бирок журналисттерге талкууда болуп, элге жаңы кодекстерге эмнелерди киргизгени жатышканын чагылдырып берүү укугун ошол бойдон кайтарылып берилген жок.
Тема боюнча:
Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?
Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү. Аны Жапаров өзү жетектейт
Кыргызстандагы Конституциялык реформа
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети.5-октябрда өлкөдө массалык нааразылык башталып, натыйжада Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.
Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.
Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.
Тема боюнча: Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?
Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.
Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар ишин жана өлкөнүн негизги мыйзамынын долбоорун оңдоп-түзөөнү улантышкан. Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн.
2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.
Конституциянын кайра иштетилип жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алгылары келген.
Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.
Кыргызстан юристтер коомдоштугу, бир катар эксперттер сыяктуу эле алар Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.
Бирок 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.Тема боюнча: Садыр Жапаров: Жаңы Конституция боюнча жоопкерчилик элде дагы болот
Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Бирок буга карабастан парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта кабыл алып койгон. Арададан дагы бир нече күндөн кийин, 11-мартта, депутаттар көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан. Ошол эле маалда расмий күн тартибинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамы жок болчу. Натыйжада 11-апрель күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөн.