Ош: Сабалганын айткан ишкер Бекдөөлөт Абакиров ишти жаптырууга аракет кылып жатканын билдирди

Ош шаардык мэриясына караштуу спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдүн үстүнөн арызды ишкер Иниятилла Нурматовду жазганы белгилүү болду. Нурматов «Турмуш» басылмасына Абакиров жана анын төрт досу кантип сабаганын айтып берип, дарыгерлердин корутундусун көрсөттү.

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Абакиров жана бир нече кишинин үстүнөн «Ээнбштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу. Милициядан спорт комитеттин башчысы шаар тургунун сабоого шектелип жатканын билдиришкен.

Нурматовдун айтымында, спорт комитетинин башчысы калаадагы Курманжан Датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде аны себепсиз ур-токмокко алган. Ишкер Абакировду тааныганын белгилеп, ал үчүн күтүүсүз болгонун айткан.

«Ал дүкөн досумдуку болгон үчүн учурашып коёюн деп киргем. Мен кирип калганыма Бекдөөлөт менен төрт досунун жини келип кетти. Биринчи сөгүнүп, түрткүлөп “чык” деп уруп, тээп башташты. Артымда күзгү туруптур, ал жилет кийип жаткан. “Кач күзгүдөн” деп төшкө катуу урду. Анан тээп, көчөгө алып чыгып, “жүр, камера жок жерге” деп сүйрөштү. Милицияга чалып кутулдум», — деген Нурматов.

Мындан сырткары, ал Абакиров дүкөндүн ичиндеги видео камерага түшүп калган окуяны өчүрткөнүн кошумчалаган. Бирок Нурматов ал видеону калыбына келтирип сактап калганын белгилеген.

Ал ошол күнү эле Ош шаардык милицияга арыз жазган. Милиция аталган фактыны «Ээнбаштык» беренеси менен каттап, тергөө амалдарын жүргүзө баштаган. Анткен менен Абакиров «эч кимди сабаган эмесмин, күбөлөрүм да бар» деп айыптоолорду четке каккан.

Нурматов соттук-медициналык экспертизанын жыйнтыгы даяр болсо дагы Абакиров ишти жаптырууга аракет кылып жатат деп божомолдоодо.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» Абакиров соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул болбой комиссиялык жана комплекстүү экспертиза дайындоо боюнча өтүнүч келтиргенин маалымдады.

Тавакаловдун айтымында, буга чейинки экспертизалар ишкер сабалганын көрсөткөн.

Бекдөөлөт Абакиров

Абакиров — Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгына өткөн жылдын 23-декабрында дайындалган. Ага чейин ал Ош шаарындагы муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарынын директору болчу.

Абакиров күрөш боюнча спорт чебери жана «Аттила» аталышындагы спорт клубун жетекчиси.

Ал октябрь окуяларында орун алган нааразычылык митингдеринде мэр Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн.

Мындан сырткары, ал 2020-жылы Ош шаардык кеңешке шайлоого «Биримдик» партиясынан катышкан. Бирок пандемиядан улам жергиликтүү шайлоо жылдырылган.

Тема боюнча:

Бекдөөлөт Абакиров Ош мэриясынын спорт комитетин убактылуу жетектейт

Ош: Спорт комитеттин башчысы шаар тургунун сабоого шектелип жатат