Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо 11-июлда өтөт

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайрадан шайлоо 11-июлга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 27-майда кол койду.

Токтомдо БШК шайлоону кайра уюштуруусу, шайлоого кетчү чыгымдардын сметасына ылайык каражат бөлүүсү жана шайлоочулардын тизмесин тактоосу каралган.

«Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча чаралар көрүлсүн», — деп жазылат жарлыкта.

11-апрелде өткөн шайлоо

Буга чейин БШК Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоону жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу сыяктуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Ошол эле учурда депуттарды шайлоо менен бирге өткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгы жокко чыккан эмес.

Мындан сырткары БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлерди кайрадан шайлоого катыштырбоону сунушташкан.

Жокко чыгарылган шайлоонуну жыйынтыгында Бишкекте «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл» партиялары 7%дык босогодон өткөн.

Ал эми Ошто «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ыйман нуру» партиясы алдыга чыккан. Токмокто болсо «Эмгек», «Бирге», «Эл биримдиги» жана «Республика» партиялары шайлоодон утуп чыгышкан эле.

Шайлоо-2021: «Клооп» оңдоолор киргизилген жүздөгөн протоколду тапты