Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору кызматына кайтарылды

Кудайберди Кожобеков

ОшМУнун иштен алынган ректору Кудайберди Кожобеков кайрадан кызматына кайтарылды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев билдирди.

Тоялиевдин айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында студенттердин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканына Кожобековдун тиешеси жок болуп чыккан. Мындан улам Министрлер кабинети 22-декабрда аны кызматына кайтаруу тууралуу буйрук чыгарган.

2021-жылдын 9-ноябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун окуу жайдын студенттери үгүт иштерине катышкандыгы үчүн кызматтан алганын билдирген. Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган.

Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Кожобековдун кызматтан алынышы университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин арасында нааразычылык жаратып, алар ректорду колдоо акцияларынын өткөрүшкөн.

Мындан улам 10-ноябрь күнү Кожобеков билим берүү министрлиги ишти иликтеп чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени айтылган.

Дагы окуңуз: «Ордунда калсын». ОшМУнун алдында Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү

«Азаттыктын» үгүт иш-чарасындагы студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган болчу.

Анда жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери экенин сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош ШИИБи тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ош ШИИБи факты боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 15 студентти жана сегиз мугалими суракка алган.

Анда «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп айыптаган.

Анткен менен Оштун милициясы иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгонун аныктаган. Тергөо аяктап, сотко жиберилген болчу.

«Азаттык» партиясы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 5%дык босогодон өткөн жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды

Видео: Ошто «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына студенттер катышты