Ош мэриясы Ноорузду майрамдоого 1,6 млн сом коротууну пландап жатат

Ош шаары, 2021-жылы белгиленген Нооруз майрамы.

Ош шаардык мэриясы быйыл Нооруз майрамын белгилөөгө былтыркы жылга салыштырмалуу эки жарым эсе көп акча коротууну пландады — 1,6 миллион сом. Бул каражатка сахна жасалгаланып, чыгармачыл топтун акысы төлөнөт.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына 7-мартта Ош мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы майрам күнү шаарды, аянтты жасалгалоо жана башка кызматтар үчүн 1 миллион сомдук тендер жарыялаган.

Конкурска билдирмелерди жиберүү үчүн эки күн убакыт берилген. Анткен менен мекеме Уланбек Ахматов аттуу жеке ишкер менен түз келишим түзгөн. Ал кызмат акысын 970 миң сомго баалаган. Ахматов тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе.

Ал эми мэриянын Маданият башкармалыгы 11-мартта майрамга катышкан чыгармачыл топтун акысын төлөө үчүн 601 миң сомго тендер жарыялаган. Конкурс 15-мартка чейин уланаары көрсөтүлгөнү менен келишим түздөн-түз түзүлөөрү жазылган. Азырынча жеңүүчү компания аныктала элек.

Мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов майрамга сарпталуучу каражаттын суммасынын көбөйгөнүн быйыл баалар кымбаттаганы менен байланыштырды. Анын айтымында, былтыркы жасалгалар кайра колдонууга жарабай калган.

«Ош шаары экинчи борбор болуп эсептелет. Ошондуктан биз мындай иш-чараны өткөрүүдө жалпы түштүк аймактын элин камтыйбыз. Анткени аймактардан эл келе жатканда “ушул жерге келип майрам көрүп, бала-чакам менен эс алып кетейин” деп келишет. Биз бул каада-салтты муундан-муунга өткөрүп беришибиз керек», — деди ал.

Ош мэриясы былтыр Ноорузду белгилөө үчүн 650 миң сом коротууну пландаган, ал эми тендерди 571 миң 460 сом сунуштап Динара Кадырова аттуу ишкер аял уткан.

Кызыгы, конкурс 23-мартка чейин уланып, келишим түздөн-түз түзүлмөй болгон. Бирок Нооруз майрамы 21-мартта белгиленген. Мыйзам боюнча тендер иш-чара өткөнгө чейин жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталышы керек.

Ош мэриясы Жаңы жылды белгилөө үчүн 3,2 млн сом жумшайт. Тендерди ким утту?

Дасторконго боорсок коюлган эмес. Ош мэриясынын шек жараткан 312 миң сомдук тендери