«Талкууга жатпайт». Зулушев президенттин буйругу боюнча комментарий берди

Башкы прокурорлук кызматынан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев Фейсбук барагынан президенттин буйругу тууралуу комментарий берди. Ал Жапаровдун кабыл алган ар бир чечими аткарылууга тийиш» деп билдирди.

«Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт [...] Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей!» — деди ал.

Курманкул Зулушев.

4-июнда президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу бошоткон.

Президент мындай чечимди Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу кабыл алып, Зулушев менен Бейшеналиевдин «жеке мамилеси эске алынганы» айтылган.

Ошондой эле чечим Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин «адилет кароону камсыз кылуу максатында кабыл алынганы» белгиленген.

Анткен менен Садыр Жапаров өзү демилгелеген жаңы Конституциянын 70-беренесине ылайык, Башкы прокурорду парламенттин макулдугусуз бошото албайт.

«Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт. Мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен башкы прокурорду кызматтан бошотот», — деп жазылат баш мыйзамда.

Бейшеналиевдин кармалышы, «Зулушевдин өчү»

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармап, жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Прокуратурадан учурда кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешкен.

4-июнда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан.

Ошол эле күнү Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны 2-июлга чейин камакка алган.

Отурум учурунда Бейшеналиев журналисттерге маек куруп, өзүнүн кармалышын «Зулушевдин өчү» деп атаган. Ал Травматология борборун оңдоп-түзөө учурунда башкы прокурор аны күнөөлөп, «түрмөгө отургузам» деп коркутканын айткан.

Тема боюнча:

Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевди бир айга камакка алды

Садыр Жапаров министр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айтты

«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти