Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 13-июндагы брифингде өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле ал кумшекерди өндүрүү тармагын өнүктүрүү жана анын импортун азайтуу пландары тууралуу да айтып берди.
Аткаминердин айтымында, «үзгүлтүккө учуроо» болбойт, кумшекердин да, өсүмдү майынын да кору жаңы түшүм алганга чейин жетиши керек.
«Майдын башында, 12-15-майда, биздин негизги иштетүүчү “Каинды-Канттын” кампасында сакталып турган көлөм толугу менен рынокко чыгарылган. Мындан тышкары, дыйкандарыбызда ал учурда 3-3,5 миң тоннага жакын кумшекер бар болчу», — деди ал.
Мындан тышкары, Жаныбековдун айтымында, министрлик кумшекерди пошлинасыз алып келүүгө квота сурап, Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен аны 105 миң тонна кумшекерге алган.
«Анын ичинен [...] 19 тоннадан ашык кумшекер рынокко келди. Жаңы түшүм алганга чейин түшүмдүн калган бөлүгү жеткирилип, эч кандай үзгүлтүк болбойт деп пландап жатабыз», — деди министр.
Жаныбеков өлкөдө кант кызылчасынын түшүмүнүн жогорулашы да күтүлүп жатканын белгиледи.
«Өткөн жылы өлкө боюнча жалпысынан кант кызылчасынын дүң жыйымы 389 миң тоннаны түзгөн. Бул жылы көрсөткүч 550-600 миң тоннанын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз», — деп белгиледи министр.
Ошондой эле чиновник чет жактан алынып келген суу майдын жана кумшекердин көлөмүн азайтуу пландалып жатканын кошумчалады.
«Өткөн жылдардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда ички рынокто керектөө үчүн кумшекердин жалпы көлөмүнүн 10-12 пайызы өндүрүлүп келген. Ушул жылдын жыйынтыгы менен түшүмдүн 18,5 пайызын жыйнап алууну пландап жатабыз. Бул жерде дагы өсүмдүк майынын импортуна 75-80% көз каранды экенибизди көрүп турабыз», — деди министр.
Ал быйыл Кыргызстан 90 миң тонна кумшекер импорттоону пландаштырып жатканын кошумчалады.
Суу май жана кумшекердин тартыштыгы
Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Украинадагы согуштун, Орусияга каршы эл аралык санкциялардын жана доллардын куну өскөн шартта кымбаттай баштаган.
Мындан тышкары, азык-түлүктүн баасына Орусия дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салган соң, Кыргызстан импорттон көз каранды болгондуктан, кумшекердин жана суу майдын жетишсиздиги жарала баштаган.
Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын таңкыстыгына жол бербөө максатында контрчаралар киргизилген. Соода түйүндөрү кумшекерди бир кишиге бир килограммдан гана, жөнгө салынган баада сатууга милдеттендирилген. Ал эми андан өйдө коммерциялык баада сатышмак болгон.
1-апрелден тарта өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы киргизилген. Мындай чара жылдын аягына чейин бекитилген.
31-майда Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантын Кыргызстандын аймагынан сыртка экспортко чыгарууга жарым жылга тыюу салган. Минкабдан токтом өлкөдөн кумшекерди массалык түрдө чыгарып кетүүнү токтотуу, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны кармап туруу максатында кабыл алынганын түшүндүрүшкөн.
Материалдын автору: Лев Потапов.