Anadolu Agency: Түркия Жапаровдон Кыргызстанда FETO’го тыюу салууну талап кылды

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда өлкөлөрдүн ортосундагы «достукту бекемдөө» үчүн Кыргызстанда FETO уюмунун ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылды. Бул тууралуу түркиялык Anadolu Agency маалымат агенттиги жазды.

*Anadolu Agency – Түркиядагы карт тарыхы бар ири маалымат агенттиги. 1920-жылы 6-апрелде Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан негизделген.

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуу 24-июнда Бишкекте өткөн. Жапаров менен Шентоп эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Бирок жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Ал арада басылма жолугушуунун эшиги басма сөз үчүн жабык өткөнүн тактаган.

Түркиялык басылма Шентоп FETOнун башка өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү боюнча маалымат бергенин, анда көптөгөн мамлекеттер бул уюмдун түзүмдөрүн Түркияга өткөрүп бергенин баса белгилеген.

Ошондой эле ал FETO ишмердигин жүргүзүп жаткан бардык өлкөлөрдүн «улуттук коопсуздугуна коркунуч» алып келет деп билдирген.

«Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын спикери Шентоп FETO Түркия кызматташкан башка өлкөлөр менен түрк мамлекетинин мамилесин бузганын айтып, Кыргызстанда FETO уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоо үчүн зарыл экенин белгиледи», — деп жазды басылма.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Мустафа Шентоптун талабы боюнча комментарий берди.

Азымбакиев Шентоп Кыргызстанга түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын ХI пленардык жыйынына катышуу үчүн келгенин белгиледи. Ал түрк тарап FETO уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча маселени козгогонун тастыктады.

«Аталган маселе Түркиянын ички саясатына тиешелүү маселе экенин эске алуу менен кыргыз тарап маселени эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусунун алкагында талкуулоо керектигин белгиледи», — деди ал.

Тема боюнча окуңуз: «Абсурд». ЖИА түрк элчисинин ассоциацияны «террористтик уюм» деп атоого акысы жоктугун билдирди

ИИМ: Түркияда ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алуу маселеси талкууланды

«Манас» университетинде FETO тууралуу семинар өтүп, ТИМ иликтөө жүргүзмөй болду