Спортчуну атууга тиешеси бар делген аткаминер «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» аталды

Сүрөттө Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов. Сүрөт: Ош шаардык жаштар комитети

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев 27-декабрда «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын алды. Сыйлыкты мэр Таалайбек Сарыбашов жана шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов тапшырды. 

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Саркарбаев социалды тармактардагы добуш берүүдө эң көп добуш алганы үчүн наам ыйгарылганын «Азаттык» үналгысына маалымдаган.

Иш-чара мэриянын алдындагы Жаштар комитети уюштурган жаңы жылдык кеченин алкагында өттү. Кечеге 500дөй киши чакырылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 22-сентябрда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Кийинчерээк Саркарбаев өзү да спортчуну атпаганын айтып, аны каралоо аракети болуп жатканын кабарлаган. ИИМ спортчу кандайча жарадар болгону дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен билинет деп жооп берген.

Саркарбаев Ош мэриянын астындагы шаардык спорт комитетин 2015-жылдан тарта башкарып келет. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин мушташтын аралаш түрү менен машыгып байгелүү орундарды алып келген.