Бишкекте дагы бир медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек шаарында акыркы сутка ичинде коронавирус дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-майдагы брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 232ге жетти — алардын 176сы өпкө илдетинен айыкты. Ошондой эле илдетти жуктуруп алган бир медкызматкер көз жумган — ал иштеген Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда андан башка дагы 8 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Өкмөт каза тапкан медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп бермекчи.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган. Бүгүнкү күндө коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түздү. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1002ге жетти. Алардын ичинен он экиси каза таап, 675 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.