COVID-19дан 9 бейтап көз жумду — аймактар боюнча көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штаб 6-августта билдирди.

Бишкек шаарында коронавирус жуктурган беш киши каза болду. Ошондой эле, Ош жана Баткен облустарында — экиден бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 447 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 38 659га жетти. Жалпысынан 30 099 киши аталган илдеттен сакайды.