Видео

Оштун тургундары «Аманбанктагы» 13 млн сомдой аманаттарын алты айдан бери ала албай убара

Өзгөн районунун 30дан ашуун тургуну «Аманбанктын» Куршаб айылындагы сактык кассасына «салган акчаларын» кайтарып ала албай жатышат. Куршабдыктардын банкка берген аманатынын суммасы жалпы жонунан 13 млн сомго жакын каражатты түзөт.

Видео: КСДПнын бухгалтери Жээнбековдун «көмүскө кассасы» тууралуу документтердин чындыгын тастыктады

КСДПнын бухгалтери Надира Сатыгул кызы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын иши тууралуу финансылык документтер чын экенин айтып берген видео жарыялады. Анын айтымында, ал чет өлкөгө чыгып кетээр алдында аларды экс-президент Алмазбек Атамбаевге калтырып кеткен.

Депутаттын мас абалындагы күйөө баласы бир түндө эки жол кырсыгын жаратты

Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Бишкекте өз автоунаасы менен бир нече машинаны сүздү. Анын машинасын айып унаа токтотуу жайына алып барышканда ал качып кетүү аракетин көрүп, дагы бир нече унааны сүзгөн.

Сузакта 7-класстын окуучусун жакалаган мугалимге сөгүш берилди

«Вечерний Бишкек» басылмасы мугалим окуучуну жакалап, андан кийин аны жыгытканы тууралуу тартылган видеону жарыялады. Окуя Жалал-Абад облусундагы Сузай районунун Жапарбаев атындагы мектебинде болгон.

Кыргызстандагы жумушу бар аялдардын дээрлик бош убактысы болбойт — аны үй жыйноого коротушат

0
Үйдөгү акы төлөнбөгөн жумуштар — бул тамак-аш даярдоо, үй жыйноо, кир жуу жана бала-чаканы кароо. Кыргызстанда алардын баарын көбүнчө аялдар жасашып, бул жумуштарга эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришет. Натыйжада бул көрүнүш кыргызстандык аялдардын окушуна, иштешине жана өлкөнүн экономикасына өз салымын кошушуна тоскоолдук жаратат.

Парламент депутаттары жыйында мобилдик оюн ойношуп, бул үчүн эскертүү алышты

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков өз партиялаштары Айтмамат Назаров менен Салайдин Айдаровго эскертүү берди. Анткени алар фракциянын жыйыны учурунда телефондорунан оюн ойношкон. Буга чейин коомдук желеде мобилдик оюндарды ойноп жаттышкан депутаттар тартылган видео жайылып кеткен.

Күндүн видеосу: Кыргыз футболчуларынын тарыхый жеңишин күйөрмандар кантип майрамдашты

0
Инстаграм-паблик omks_video 16-январда Бишкектин көчөлөрүндө Кыргызстан курамасынын жеңишин күйөрмандар белгилеп жатканы тууралуу ролик жарыялаган. Кыргыз футболчулары Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп алган эле. Эки сааттан кийин кыргыз курамасы мөөнөтүнөн мурда Азия Кубогунун плей-оффуна өткөнү белгилүү болгон.

Азия Кубогу 2019: Кыргызстан Филиппинди утуп плей-оффко өттү

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия Кубогундагы тайпалык баскычтын үчүнчү оюнунда Филиппин менен ойноп, тарыхый жеңишке жетишти. Оюн аяктагандан эки саат өтүп, Вьетнам Йеменди чоң айырма менен ута албагандыктан Кыргызстан курамасы 1/8 финалга жолдомо алды.

«Табияты кооз Кыргызстан». Британиялык велосипедчилер кыргыз тоолоруна жасаган саякаты тууралуу тасма тартышты

Британиялык H+I Adventures компаниясынын велосипедчилери Кыргызстанга болгон сапары тууралуу видео чыгарышкан — роликке табияттын кооз көрүнүштөрү менен 4000 метр бийиктиктеги тоолордо велосипед тээп жүрүшкөн чет элдектер тартылган.

Баткен облусунун башчысынын үй-бүлөсү мамлекеттен эки миң тонна дан алып, аны кайтарган эмес —...

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнө караганда, Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин үй-бүлөсү мамлекеттик резервдеги эки миң тонна данды сарптап, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

Редакциянын тандоосу