Талоончулук жана «Мегаком». Депутаттык комиссия эмне тууралуу айтып берди?

Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттык комиссия аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Парламентарийлер 2010-жылдагы талоончулук, «Мегаком» команиясынын сатылышы жана былтыр күздөгү интернеттин баасынын кымбатташынын мыйзамдуулу боюнча иликтөөнүн жүрүшү боюнча талкуу кылышты.

Депутаттык комиссиянын башчысы Анвар Артыков төрт айлык иштин жыйынтыгын чыгарды. Комиссиянын иликтөөлөрүнүн бири мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын жакындарынын мүлкүнүн сатылышына арналган.

Бирок Артыков кабарлагандай, Бакиевдин жана анын айланасындагылардын мүлкү боюнча иштин көпчүлүк бөлүгү аягына чыккан эмес. Ага убакыт жетпей калган.

«“Мегакомдун” сатылышы пайдасыз»

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев «Мегаком» уюк операторунун акцияларын мыйзамсыз сатуу боюнча айыпталып жатат.

Комиссия «Мегаком» уюк операторунун акцияларынын сатылышынын мыйзамдуулугу маселесин иликтеп чыккан. Артыковдун айтымында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, бирок бул оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин күнөөлүү же күнөөсүз экендигин далилдебейт.

Комиссиянын башчысы билдиргендей, «Мегаком» компаниясынын 13 миллиард сомго сатылышы пайдасыз. Депутаттын айтымында, компания жыл сайын бир миллиард сом киреше алып келе алат.

Депутат Анвар Артыков.

Парламентарийдин билдиришинче, мындай киреше алып келген компания 13 жылда өзүн толугу менен актайт. Бирок өкмөт жабдыктарды жаңыртып, компанияны өнүктүрүш үчүн «Мегакомго» алты миллиард сом бөлүп бериши керек.

«Мегаком» 2015-жылы 19,7 миллиард сом нарк менен аукционго коюлган.

Анда депутаттар «Мегаком» инвесторлордун көңүлүн бурган объект деп айтып чыгышкан. Ошондой эле, эгерде компания мамлекеттин эсебинде тура бере турган болсо, бир нече жылдан кийин ал зыянга учурашы мүмкүн делген.

Компаниянын баасы 2016-жылы 14,255 млрд сомго чейин төмөндөп, ал эми 2017-жылы болсо 13,5 млрд сомго чейин түшүп кеткен.

«Мегаком» уюк оператору 2010-жылы өкмөт алмашкандан кийин улутташтырылган.

«Талоончулук боюнча иликтөөгө тоскоол болушту»

Анвар Артыковдун билдиришинче, 2012-жылдагы депутаттык комиссия талоончулук боюнча көптөгөн факттарга көңүл бурган эмес.

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдагы талоончулук иши боюнча кармалган.

Укук коргоо органдары кылмыш иштерин «кылмыш курамы жок болгондуктан» улам атайылап жаап коюшкан. Артыковдун пикири боюнча, мында айрым кызмат адамдарынын кызыкчылыктары болгон.

Депутат кабарлагандай, комиссия мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун 12 талоончулук ишке тиешесин далилдей алышкан.

Комиссиянын башчысы иликтөөнүн жүрүшүндө тоскоолдук кылгандар болгонун кабарлады.

«ИИМ, Башкы прокуратура, ошондой эле башка органдар иликтөөнү басаңдаткан», — деди ал.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко бул корутундулардын анык экенинен шек санады.

«Чындыгында текст өтө эле автордук. Убактылуу комиссия өзүнүн корутундусун мындай стилде жаза албайт», — деди Никитенко.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель окуялары маалындагы талоончулук факты боюнча кылмыш ишин УКМКга мындан аркы иликтөө үчүн өткөрүп берген.

«Интернетти өчүрүү коркунучу болгон эмес»

Депутаттык комиссиянын ишендиришинче, 2016-жылдын күз мезгилиндеги интернет тарифтеринин кымбатташына «Кыргызтелекомдун» мурдагы жетекчиси күнөөлүү.

Анвар Артыковдун белгилешинче, былтыр күздө Эмил Эшеналиев казак провайдерлеринин мамлекетке зыяндуу келишимине кол койгон.

Комиссия аныктап чыккандай, казак компаниялары тарабынан баалардын өсүшү тууралуу сунуш чындыгында келип түшкөн, бирок катаал шарттар коюлган эмес.

«Кыргызстанда интернетти өчүрүү боюнча эч кандай коркунуч болгон эмес», — деп кошумчалады ал.

Комиссия белгилегендей, Эмил Эшеналиев жеке өзү келишимге кол коюп, 420 миң доллар суммасындагы алдын ала төлөмдү жөнөткөн жана комиссия бул иш-аракеттерден кылмыштуу бүтүм жана коррупциялык схема байкаган.

Анда трафиктин баасы 15 доллардан 30 долларга чейин көтөрүлүп кеткен. Депутат белгилегендей, мамлекетке келтирилген эң аз чыгым 210 миң долларды түзөт.

Депутаттар башкы прокуратурадан мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин да күнөлүү экенин териштирүүнү талап кылышты.

2016-жылдын ноябрында Эшеналиев кызматынан четтетилип, ага кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Депутаттык комиссия «Кыргызтелеком» компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу бардык чогулган материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: