Чек арадагы коррупцияга даттанган офицер Ак үйдүн астында президентке кайрылды

Чек арадагы мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан подполковник Талгат Аланов 12-декабрда Ак үйдүн алдында бийлик өкүлдөрүнө видео аркылуу кайрылып, аны кабыл алууну суранды. Бул үчүн ал Ош шаарынан атайын Бишкекке келген.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Рыскелди Чыныбекович жана башка депутаттар, суранам мени кабыл алыңыздар. Мен мамлекеттик чек арадагы коррупциялык иштерди, жетекчилик тараптан болуп аткан мыйзамсыз иштерди ачык айтып, силерге маалымат бергени келдим», —  деп кайрылган тасмада Аланов.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 27-ноябрда басма сөз жыйынын курган. Жыйында ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги коррупцияга токтолгон.

Кийинчерээк чек ара кызматынан ведомстводо коррупция болуп-болбогонун Аскер прокуратурасы иликтей турганын жана Алановдун айткан сөздөрүнө укуктук баа берилээрин билдиришкен.

Бир нече күндөн кийин Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара бекетинин башчысы Талант Айтпаев кызматынан убактылуу четтетилген. Чек ара кызматынан бул Алановдун маалымат жыйыны менен тиешеси жоктугун айтышкан.

Көп өтпөй офицер аны белгисиз адамдар телефон аркылуу коркутуп жатышкандыгын айткан. Ошондой эле ал жумушунда жетекчилик тарабынан куугунттукталып, эмгек өргүүгө чыга албай жаткандыгын маалымдаган.