Коррупцияга даттанган офицердин айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалды

Талгат Аланов. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / Азаттык

Чек арадагы «мыйзамсыз» иштер тууралуу айтып чыккан подполковник Талгат Алановго байланыштуу иш боюнча кезектеги соттук отурум 9-мартта болуп өттү. Алановдун жактоочусу Таир Асановдун айтымында, судья чек ара кызматкеринин айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындады.

«Соттук отурумда судья тарабынан Аланов доо арыз бергендердин ар намысына шек келтиргенби же жокпу деген маанидеги суроолор коюлду. Алановдун айткан сөздөрү Тил боюнча комиссиянын алдындагы эксперттерге жөнөтүү чечими чыкты. Бишкектен экспертизанын жыйнтыгы чыккандан кийин соттук отурум уланат», — деди Асанов.

Ал эми Талгат Аланов «Клоопко» доо арыз берген кесиптештери судьянын суроосуна так жооп бере албаганын кабарлады.

«Судья тарабынан менин кесиптештериме мындай суроо берилди: “Алановдун айткан сөзүн кана көрсөткүлөчү, кимиңердин фамилияңарга доо кетирди?” Бирок алар так жооп айта алышпай койду, анан судья экспертиза дайындады», — деп түшүндүрдү Аланов.

Соттук отурмдарга доо арыз берген аскер кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоп катышып жүргөн Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын аскер бөлүмүнүн юристи Талант Зулпукаров «Клооптун» журналистине комментарий берүүдөн баш тартты.

Коррупция тууралуу басма сөз жыйын

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов Ошто чек ара кызматындагы коррупция тууралуу басма сөз жыйынын курган. Андан көп өтпөй анын беш кесиптеши «кадыр-баркыбызга шек келтирдиң» деп анын үстүнөн Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Алар жалпысынан Алановдон 500 миң сом компенсация талап кылышууда.

Аталган окуя боюнча соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 2-мартында башталып, Талгат Аланов жактоочу жалдоого каражаттын жоктугунан, өзүн-өзү коргоп жаткандыгын маалымдалган. Көп өтпөй көптөгөн активисттер Алановго адвокат жалдоо үчүн каражат чогулта башташкан. Кийинчерээк анын кызыкчылыгын сотто «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо уюмунун жактоочусу коргомокчу болгон.

Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында курган басма сөз жыйында «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Көп өтпөй Талгат Аланов өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле өткөн жылдын 12-декабрында ал Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь айында подполковник Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Улан Шаршеевди түз эфирде өтчү дебатка фейсбуктагы баракчасы аркылуу чакырган. Бирок Шаршеев дебатка келген эмес.

Андан мурдараак ведомстводон Аланов уруксатсыз 300 ирет чет жакка чыгып келгенин кабарлашкан. Ош облусттук чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматынан бул тууралуу маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдиришкен.

Кийинчерээк Алановду Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алган. Жолугушууда Алановдун Ош гарнизондук Аскер прокуратурасына берген арызынын негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүнө алынаары маалымдалган.