Өлкөдө дагы эки медицина кызматкери коронавируска чалдыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда дагы эки медикте коронавирус аныкталды. Жаңы учурлар Бишкек жана Жалал-Абад облусунда катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 226га жетти — алардын 163ү оорудан айыкты. Ошондой эле өпкө илдетинен бир медкызматкер каза болду. Өкмөт дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп берилерин маалымдады.

Ал эми медиктердин илдетти кандай жол менен жуктурганын аныктоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзгөн. Алгач эгерде медкызматкер коронавирусту иш убагында жуктуруп алганы аныкталса 200 миң сом кун төлөнөөрү убадаланган. Кийнчерээк өкмөт илдетти жуктуруп алган медкызматкерлерге 100 миңден кем эмес, ал эми көз жумган медиктердин үй-бүлөлөрүнө 500 миңден кем эмес кун төлөп берүүнү чечкен. Бирок буга байланыштуу өкмөт сынга кабылды. Андан кийин гана компенсациялар кыскартуусуз берилери айтылды.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган. Ал эми министрликтин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирген. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын жаңы он бир учуру катталды — жалпы 906 учур. Алардын ичинен он экиси каза таап, 650 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.