Нарын облусунда дагы 9 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министрлигинен 20-майда Нарын облусунда дагы 9 медкызматкер коронавируска чалдыкканын билдиришти.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 266га жетти — алардын 221и өпкө илдетинен айыкты. Ошондой эле илдетти жуктуруп алган бир медкызматкер көз жумган — Жүзүмкан Көкүмбаева иштеген Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда андан башка дагы 8 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Өкмөт Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган.

Медицина кызматкерлерине март айында жалпы 37 млн сомго жакын кун төлөнүп берилди. Өлкө боюнча март айында иштеген медиктердин жалпы саны — 6283.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1270ке жетти. Алардын ичинен он төртү каза болуп, 910 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.