Бир суткада дагы 73 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мриясы

Республикалык штаб 3-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 73 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады. Ал эми 20 медик өпкө илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаарынан — 32, Чүй облусунан — 20, Ош облусу жана Ош шаарынан — жетиден, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан — үчтөн жана Ысык-Көл облусунан бир медиктен коронавирус аныкталган.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 994кө жетип, алардын 484ү өпкө илдетинен айыккан. Беш медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумду. Буга чейин Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов каза болушкан.

2-июлда Ноокат районунда 70 жаштагы терапевт Орозали Абдухалимов каза тапкан. Ал коронавирус жуктуруп алганы менен өлүмүнө «курч инфаркт» себеп болгону айтылды. Ошондой эле 2-июлга караган түнү аталган райондун Барын айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы көз жумган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.