Стамбулга башкы консул дайындалды. Сопоков Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин кызматынан кол жууган

Нурлан Абдрахманов

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Түркиядагы башкы консулу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 13-июлда кол койду.

43-жаштагы Нурлан Абдрахманов 1999-жылдан бери ТИМдин түзүлүшүндө иштеп келген. Жаңы башкы консул 2017-жылдан тартып тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалаган.

Башкы консулдун кызматы сегиз айдан бери бош болуп турган. Абдрахмановго чейин бул кызматты Эркин Сопоков ээлеген. Сопоков өткөн жылдын ноябрь айында кызматынан бошотулган — ага ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуу болуусу себеп болду.

Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү

Кытайлык ишкер Саймаити журналисттеринин маалымдоочусу болгон. Саймаити журналисттерге Борбор Азияда таанымал болгон Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсүнө таандык көмүскө акчаларды адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.

Кийинчерээк Саймаити Түркиянын Стамбул шаарындагы кафелердин биринде киши колдуу болгон. Ошол күнү Саймаити ал жерге Сопоковго таандык болгон унаада келген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен.

Эркин Сопоков (сол жактан биринчи) жана Айэркен Саймаити (сол жактан үчүнчү)

Ишкердин өлүмүнө кармалган шектүүлөрдүн айтымында, «Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган». Ал эми Сопоков бул окуянын эртеси күнү кызматынан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарыяланган журналисттик иликтөө жана Саймаитинин өлтүрүүсү боюнча тергөөнү баштап, биринчилерден болуп Сопоковду суракка чакырган. Кийинчерээк УКМКга бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкуловду суракка чакырган.

Мындан сырткары мекеме экс-депутат Ширин Айтматова, «Азаттыктын» журналисттерини Али (Мухаммедали) Токтакунов жана Ыдырыс Исаков, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовду да тергөөнүн алкагында чакырмакчы.

Жогорку Кеңеш Айэркен Саймаитинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депутаттык комиссияны түзгөн. Комиссия жарым жылдан ашуун убакытта жайгдайларды изилдеп, көмүскө акчалар Кыргызстан аркылуу адалдаштырылганына «Матраимовдордун тиешеси жок» деген жыйынтыкка келишкен.

Ал эми УКМКнын өкүлдөрү, Эркин Сопоковдун көрсөтмөлөрүнө таянып, Саймаити журналист Али Токтакуновго 100 миң доллар төлөгөн деп билдирген. Бирок мекеме буга байланыштуу далилдерди көрсөтө албады. Журналист Али Токтакунов болсо Саймаитиден «бир дагы цент албаганын» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сайматинин көзүн тазалоо. Аткарылбай калган убада

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы