Улуттук госпиталдын реанимациясында хирург Эрмек Носинов көз жумду

Доцент Эрмек Носинов Улуттук госпиталдын реанимациясында 19-июлда дүйнө салды. Бул тууралуу фейсбуктун колдонуучулары кабарлады.

Носинов Эрмек Маратович врач-хирург кандидат медицинских наук, наш первый учитель по хирургии... Выражаю соболезнования родным и близким.

Posted by Агзам Данияров on Sunday, July 19, 2020

«Акипресс» басылмасы 46 жаштагы хирург эмнеден улам каза болгону тууралуу маалымдаган жок, бирок комментарийде Эл аралык медицина университетинин проректору Шайырбек Сулайманов «каргыш тийгир оору дагы бир кесипкөй дарыгерди алып кетти» деп жазган.

«Эрмек Маратбекович Носинов — 2011-2016-жылдары Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасында эмгектенген. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоонун жана аныктоонун жаңы ыкмаларын киргизе алган. Жамаатыбыз менен бирге маркумдун жаыкындарына терең көңүл айтам», — деп жазат Сулайманов.

Эрмек Носинов 1974-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Карл Маркс совхозунда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик медакадемиясындагы дарылоо факультетин аяктаган, ошондой эле Иса Ахунбаев атындагы Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургия бөлүмүндө ординатураны бүтүргөн.

2011-жылдан 2016-жылга дейре Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасында иштеген. 2016-жылдан тарта Кыргыз-орус Славян универститетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын жетекчиси жана доцент болгон.

2018-жылы чет өлкөлүк студенттерге сабак берген. Ал Кыргызстандын эл аралык университетине караштуу Эл аралык медицина жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти.

Пандемия башталгандан бери мобилдик бригадаларда иштеп бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшкөн ондогон медкызматкер каза тапты. Алардын ичинде ардагер медиктер жана стационарда ыктыярчылык кылып аткан таптакыр эле жаш студент кыз бар. Ошондой эле аскер врачы, белгилүү микрохирург, бейтаптардын сүймөнчүгү болгон поликлиникалардын педиатрлары жана врачтары дүйнө салышты.

Сутка ичинде саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония өмүрүн кыйган 34 адам тууралуу билдирди. Республика боюнча пандемия күч алгандан бери 1037 адам кайтыш болду.

Өлкө боюнча COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония жуктуруунун жалпы 27 миңден ашуун учуру катталды.

Каза тапкан медиктердин тизмеси

COVID-19га чалдыгып каза тапкан алгачкы медик болуп Жүзүмкан Көкүмбаева эсептелет. Бишкек шаардык ооруканасынын дарыгери 2-майда 58 жашта кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кабарлаган.

Бирок ага чейин, 5-апрелде Сузактагы психиатр каза болгон. Аны коронавирус жуктуруп алган медиктердин санына кошушкан эмес, анткени ал тапшырган тест вирус бар экенин тастыктаган эмес. Ага ооруканадан тышкары пневмония диагнозу коюлган. Кийинчерээк медиктер пандемия маалында күчөп жаткан пневмония — бул COVID-19дун оор өткөн түрү деп билдиришип, июль айынын ортосунда статистикалар бириктирилген. Тизмедеги мындан кийинки медиктердин бардыгы COVID-19дан каза тапкандар болуп саналышат.

2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген 59 жаштагы Альберт Исмаилов каза болгон.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумган.

Бишкекте 1-июлда амбулатордук хирургия жана өпкө оорулары боюнча адис Мурат Жумабеков 56 жашында каза тапкан.

2-июлда Ош облусундагы Ноокат облустук ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимовдун каза болгону кабарланган.

Ошол эле убакта, ошол эле ооруканада аты аталбаган 59-жаштагы медайым каза тапкан.

2-июлда оорукананын кабылдамасында медицинанын легендасы Исхар Фунлоэр көз жумган.

Медицинанын профессору Абдиманап Муратов кайтыш болгон.

4-июлда 62 жаштагы педиатр Эдил Сыдыков дүйнө салган — ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмнүн жетекчиси болгон. Ал реанимацияда төрт күн жаткан.

Бишкекте акушер Заида Терекбаева дүйнө салган — анын кайтыш болгону тууралуу Кыргызстандын медиктер ассоциациясы билдирген.

6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлаган.

Ошол эле күнү фельдшер Валейри Гаук да кайтыш болгону кабарланган.

8-июлда Ак-Талаа райондук ооруканасында иштеп жаткан 55 жаштагы хирург Кубаныбек Карагулов дүйнө салган.

Ошол эле күнү Ош облусутук аймактар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Жангара Абдыхаликов каза тапкан.

8-июлда гепатолог инфекционист врач Үмүтжан Мусаева кайтыш болгон.

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда медайым Чынар Турускелдиева көз жумган, ал 54 жашта болгон.

10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов каза тапканы белгилүү болгон.

11-июлда КММАнын деканы, медицина илимдеринин доктору Чолпон Калканбаева каза болду. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону кабарланган эмес. Бирок соцтармактарда ал пневмония менен ооруганы айтылган.

11-июлда Бишкектин 7-поликлиникасынын үй-бүлөлүк доктору Каныш Молдомусаева каза болду.

12-июлда аскер дарыгери Ратан Курманбев каза тапты. Анын коронавирустан улам көз жумганын тууганды пабликте билдирген. Башкы штаб дагы бул маалыматты тастыктаган.

13-июлда медфактын бешинчи курсунун студенти, Адинай Мырзабекова каза болду. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ишке тартылган эле. Анын өлүмү тууралуу педиатрия кафедрасынын мугалими кабарлаган.

13-июлда Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон.

Ошол эле күнү Бишкекте 27 жаштагы кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог Жумабай Бекмуратов дүйнө салган. Анын жакындары ал коронавируска кабылганын жана анда пневмония менен депрессия башталганын, мындан кийин өз өмүрүн кыйганын айтышууда.

14-июлда Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибекова каза болду.

16-июлда хирург-проктолог Турат Кулжабаевдин өлүмү тууралуу белгилүү болду. 45 жаштагы медикте эки тараптуу пневмония аныкталган.

Ошол эле күнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын өлүмү тууралуу кабарланды. Ал 65 жашында кайтыш болду.

17-июлда Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын врачы Шайназар Закиров өлүмү тууралуу белгилүү болду. 53 жаштагы дарыгерде COVID-19 аныкталган.

Ошол эле күнү микрохирург Бакыт Өмүрзаков кайтыш болду.

Мындан тышкары, 17-июлда Бишкектеги 12-ҮМБнин дарыгери Гүлмира Кадырованын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Эмгек сиңирген дарыгер Бейшекан Калиева 18-июлга караган түнү инфекциялык оорукананын реанимациясына көз жумду.

18-июлда Ысык-Көл облусунун райондук поликлиникаларынын биринин башчысы Бүбүайым Жээнбаева Чолпон-Ата ооруканасында каза болду.