Аксыда окуучу кызды зордуктоого шектелип эки киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 10-августта 9-класста окуган кызды зордуктоого шектелип эки киши кармалды.

Жалал-Абад ОИИБинен «Клоопко» бул маалыматты тастыкташып, «Зордуктоо» беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдиришти.

«Турмуш» басылмасы райондук милицияга Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну арыз менен кайрылып, анын 15 жаштагы кызын телефон аркылуу таанышкан бала зордуктаганын билдирген.

Облустук милициядан толук маалымат кийинчерээк берилет деп белгилешти.

Жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык зомбулук

Өткөн айдын аягында Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 16-июлда он жаштагы кызды зордуктаган эркек кишини өмүр бою эркинен ажыратты.

Жарым жыл мурун Ноокен районунда 9 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого айыпталган 57 жаштагы киши эки жылга эркинен ажыраган. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна толугу менен алган.

Ал эми 2019-жылдын январь айында Ош облусунун милициясы өспүрүм кызыны зоруктап жүргөн кишини кармаган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, айыпталуучу кызын жубайы каза болгондон кийин зордуктап баштаган. Тергөө убагында соттолуучу кызын бир жылга жакын убакыт «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алган. Натыйжада сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.