Журналист Абдумалик уулу фейсбукка жазган пикири үчүн Аксы РИИБине суракка чакырылды

Бекмамат Абдумалик уулу. Сүрөт: Абдумалик уулунун фейсбук баракчасынан алынды

«Акипресс» басылмасынын журналисти Бекмамат Абдумалик уулу Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер башкармалыгына 19-августта суракка чакырылды. Абдумалик уулунун айтымында, аны 5-августта фейсбук баракчасына жазган билдирүүсү үчүн чакырышкан.

«Аксыны кайсы бир ууч топ каалагандай калчашына жол бербешибиз керек. Мен кайсы бир топтун буйругун аткарбайм. Кандайдыр бир саясий кызыкчылыкты дагы көздөбөйм. Же кайсы бир топту коргобойм. Бирок мамлекеттин бийлигин өз билемдик менен колдонгондорго каршымын! Себеби, алар өзүнө кулдук урган, бөрк ал десе баш алган адамдарды алып келишери анык. Биз укуктуу мамлекетте жашайбыз. Кет деп коркутуп кетирген заман өткөн. Элдин бийлиги элге кызмат кылсын!» — деген пикирин жазган журналист.

Ал мындай билдирүүнү «Турмуш» басылмасынын «Аксынын жаңы акими эки жетекчини иштен алуу аракетин баштады. Мамкызматкерлер эмне дейт?» аттуу материалын жеке фейсбук баракчасына бөлүшкөндө жазган.

Абдумалик уулу «Клоопко» Аксы райондук РИИБи ага расмий чакыруу кагазы жана эмне үчүн чакыртылгандыгы тууралуу түшүндүрмө бербегенин билдирди.

«Милиция телефон аркылуу чакырды. Мен укук коргоо органдарынын ишин сыйлап, бардым. Барып постто турган милиционерге кайсыл тергөөчүгө кирем десем, ичкериге кир деди. Үч тергөөчү бар экен. Үчөө тең иш менде эмес дешти. Анан мен төрт саат ошол жерде жүрдүм. Акыры бир тергөөчү “мага сиздин үстүңүздөн арыз түшкөн, азыр менде турат. Бирок тергөөчү өзү келгенде сизге тааныштырат” деди», — деди Абдумалик уулу.

Мындан сырткары журналист фейсбукка жазган пикринен кийин белгисиз адамдар тарабынан телефон аркылуу «дарегиңди айт, сени менен башкача сүйлөшөбүз» деген коркутуулар болуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле, Абдумалик уулу болгон коркутуулар тууралуу укук коргоо органдарына кайрылбагандыгын билдирди.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев Аксы РИИБине Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну 6-августта Абдумалик уулунун үстүнөн арызданганын тастыктады. Анын айтымында, арыздануучу «атуулдук намысыма шек келтирип жатат» деген негиз менен милицияга кайрылган.

«Арыз Аксы РИИБинде каттоого алынган. Бул факты боюнча объективдүү, туура жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн жана Абдумалик уулунун жүргөн жерин тактоо максатында Аксы РИИБине чакырылган», — деди Жээнтаев.

Буга чейин суракка алынган журналисттер

Буга чейин 29-июлда блогер Адыл Акжол уулу Ош облусунун Өзгөн районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 29 жаштагы айдоочунун тажыясынан ютубда түз эфир жасагандыгы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде суракка алынган.

Блогер билдиргендей, аны УКМКнын Улан аттуу кызматкери телефон аркылуу «тез арада келип кал» деп чакырган. Оштогу атайын кызматтын тергөөчүсү аны суракка эмес, «ага катары» чакырганын айткан. Алар тергөөчүнүн кабинетинде эмес, мекеменин имаратынын сыртында сүйлөшүшкөн.

Акжол уулунун айтымында, УКМКнын кызматкери ал ютубга жүктөгөн видео «улуттар ортосундагы кастыкты козутканын» айтып, аны өчүрүүнү суранган. Бирок блогер тасмада улуттар ортосундагы кастыкты козутуучу чакырыктар болбогондугун билдиргени менен кийинчерек видеону өчүргөн.

Ошондой эле 10-январда Ош ШИИБи «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыповду жана журналисти Элдияр Бакировду суракка алган. Бакировго суракка чакыруу кагазы арткы дата менен тапшырылган. Андан кийин оператор Хамидулло Узаковго суракка келүү тууралуу кагаз жөнөтүлгөн.

Алардын суракка алынышына коррупция жана аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун арызы себеп болгон. Журналисттер анын үйүнүн жанындагы каралбай калган үйдү тартып жатышкан учурда милициядан видеого тартып жаткан команданын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Матраимовдун айтымында, журналисттер анын үйүн тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигин бузушкан жана анын коопсуздугуна шек келтиришкен.

Бирок журналисттер Матраимовдун үйүн эмес, Ош шаарындагы Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тасмага тартышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал мыйзамсыз курулган.