Баткенде инфекциялык оорукананын имаратын оңдоо иштери аяктады

Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады. 90 орунга ылайыкталган имаратта жугуштуу оорулар ооруканасы ачылат.

Республикалык штаб 31-августта билдиришкендей, ооруканада бардык шарттар түзүлгөн. Имараттын чатыры, эшик, терезелери, канализациясы, жылытуу системалары жаңыланган. Жакынкы күндөрү оорукана эмеректер менен камсыздалмакчы.

Оңдоп-түзөтүү иштерине бюджеттен 12 млн сом бөлүнгөн. Эски оорукана бир ай мурун оңдолуп башталган эле.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов аймактардагы «бош имараттар» ооруканага ылайыкталып даярдалаарын билдирген. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундук, ал эми Нарын шаарында 70 орундук инфекциялык оорукана курулуп жатат. Боронов аталган ооруканалар «күзгө даяр болуп калаарын» айткан.

Коронавирустун экинчи толкуну окумуштуулардын божомолу боюнча үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине туура келиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда 31-августка карата COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 43 898 кишиге жетти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ар бир аймакка бирден инфекциялык оорукана ачылат. Даректери