Иллюстративдик сүрөт

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстандагы 62 мектеп кадимки тартипте иштеп, бардык класстын окуучулардын бардыгы мектепке барып окуп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акылбек Орозматов билдирди.

Анын айтымында, бул мектептерде окуучулардын саны аз, ошондой эле, алардын басымдуу бөлүгү алыскы аймактарда жайгашкан.

«Сабактар кадимки тартипте окутулуп жаткан мектептердин көбү алыскы аймактарда жайгашкан, алар “жашыл аймакка” кирет. Башкача айтканда оорунун жайылуу коркунучу жок. Анткен менен санитардык эрежелерди сактоо милдети коюлган», — деди ал.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда окуучулар 4-чейректи дистанттык түрдө окуган. Бирок мындай ыкма ата-энелер жана мугалимдер арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан. Ошондой эле, сабак өтүүдөгү техникалык мүчүлүштүктөр менен алардын жетишсиздиги дагы ортого чыккан.

Мисалы, телевидениеден берилген видео сабактарды көрүү үчүн бардык эле окуучулардын үйүндө телевизор болгон эмес. Андан сырткары мугалим берген тапшырмаларды аткарып, аларды кайра жиберүү үчүн уюлдук телефон менен интернет байланышына муктаждык күчөгөн. Өз кезегинде интернет өлкөнүн бардык аймагында тартпагандыктан жана ар бир ата-эне балдарын телефон менен камсыз кыла албай тургандыгы да байкалган.

Кыргыз өкмөтү күзүндө коронавирустун экинчи толкуну болот деген кооптонуудан улам жаңы окуу жылында биринчи класстын гана окуучулары мектепке барып, калгандары окуусун онлайн түрүндө улантып жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар, ал жакта миллиондон ашык окуучу окуйт.

ТЕМА БОЮНЧА

Баланы окутууга жөндөмсүз ата-энелер, стресске түшкөн окуучулар. Карантиндеги билим берүү кандай жыйынтыкталды?

«Аралыктан окутуунун кереги жок». Ата-энелер балдарын мектепке кайтарууну суранышууда

Окуучулар жаңы окуу жылын аралыктан окуп башташат — Билим берүү министрлиги

Бир кадр менен: Пандемиянын айынан үйдө бүк түшүп сабак жазган окуучулар