Видео: Кара-Сууда «Мекеним Кыргызстан» үгүт иш-чарасына 5 миңден ашуун кишини топтоду

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт

Кара-Суу “Мекеним Кыргызстанды” тандайт"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Ош облусундагы үгүт кербени Кара-Суу шаарында жыйынтыкталды. Партия талапкерлерин шайлоочулар жылуу тосуп алып, уюштуруучулардын санитардык талаптарды сактоо чакырыктарына карабай шаардык стадионго эл жыкжыйма толуп чыкты. Болжол менен жолугушууга беш миңден ашуун адам чогулду. Бул жерге Кара-Суу шаарынын эле эмес, ага жакын айыл өкмөттөрдүн эли да келди. “Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасындагы ар бир пункт кылдаттык менен иштелип чыккан. Тагыраагы, биз шайлоочуларга жөн гана куру сөздөрдү айтпай, реалдуу ишке аша турган программа менен тааныштырабыз. Биз саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жарандарыбызды социалдык жактан коргоо системасын реформалоого жетишүү үчүн талыкпай иштөөгө даярбыз. Приоритеттүү багыттардын бири - айыл чарбасын өнүктүрүү. Андан сырткары, биздин катарда өз ишин мыкты билген күчтүү адистер, прогрессивдүү жаштар, ар кандай улуттагы жана идеяга бай, жаратман адамдар бар, алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон күч аракеттерин жумшайт”, - деди партиянын төрагасы Мирлан Бакиров.Дагы бир талапкер Ибрагим Жунусов партия парламентке келсе жөлөк пул алуу маселесин жеңилдетерине токтолду:«Биздин программанын пункттарынын бири - калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү. Азыр Кыргызстанда ушул карапайым тургундарга жөлөк пул алуу укмуштуудай кыйын. Өкүнүчтүүсү жарандар мамлекеттен жардам алуу үчүн пара берүүгө аргасыз болушат. Ошол эле учурда, бардыгы эле системада болгон бюрократиялык тоскоолдуктардан чыгууга даяр эмес. Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясы, бул кырдаалдан чыгарып, өлкөбүздү жакшы жагына өзгөртүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз».Жолугушууда Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосундагы жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн символу катары асманга чоң шар учурулду. Шайлоочулар жапырт “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоорун айтып жатыщты.

Posted by Мекеним Кыргызстан партиясы on Thursday, October 1, 2020

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы стадионго 5 миңден ашуун шайлоочуну чогултуп агитациялык жолугушуу өткөрдү.

Партия өзүнүн баракчасында жүктөгөн видео менен сүрөттөрдө үгүт иш-чара учурунда көптөгөн тургундар беткабын тактай жүргөнүн жана социалдык аралыкты сактабай турганын көрүүгө болот. Аталган жолугушууга «Мекеним Кыргызстандын» лидери, вице-спикер Мирлан Бакиров, депутат Искендер Матраимов, талапкер Алишер Козуев жана Савай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Мунар Сайпидинов келишкен.

«Ош облусунун эли талапкерлерди кубаттап, жылуу тосуп алышты. Уюштуруу комитетинин санитардык нормаларды сактоо тууралуу чакырыктарына карабастан эл талапкерлери менен көрүшүштү. Стадионго жергиликтүү тургундар эле эмес, жакынкы айыл өкмөттөн да келишти», — деп берилет партиянын билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, партиянын иш-чарасында ыр аткарып жаткан ырчы Темир Назаровду көрүүгө болот. Бирок, мыйзамга ылайык, үгүттөө иштеринде спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Аталган партия Араван районунда бир жума мурун 500дөн ашуун тургун менен Маданият үйүндө жолугушуу өткөргөн. Ал жерде да санитардык эрежелер толугу менен сакталган эмес.

Ошол эле учурда «Мекеним Кыргызстан» жалпысынан өлкө боюнча 1 500дөй жолугушуу өткөрүп, ага 2 миллиондой киши келгенин кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан «Мекеним Кыргызстан» партиясы стадиондо 5 миңден ашуун кишини топтогону боюнча маалыматты жумушчу топ карап чыгаарын билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирусту жайылтпоо максатында партияларга шайлоочулар менен жолугушпоону сунуштаган. Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова үгүт учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген. Анткен менен партиялар бул эрежелерди бузуп келишет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ал эми Республикалык штабтын божомолу боюнча коронавирустун экинчи толкуну ноябрь айында башталат. Анткен менен өткөн суткада өлкөдө коронавирустун жаңы 215 учуру катталып, илдетти жуктуруп алгандардын саны 47 056га жетти.