Алканова: Райымбек Матраимов «кудайдын астында колум таза» деп турат

Элнура Алканова

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкер болуп шайлоого катышкан журналист Элнура Алканова бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча пикирин билдирди.

«[Райымбек] Матраимовго жакындарынын бир бөлүгү “бул жакта мыйзам жок, четке кетип кал” дегендер болду. Бирок ал киши [Райымбек Матраимов]: “Мыйзамдын астында өзүм жооп берүүгө даярмын, бүт жерди текшерсин, кудайдын астында колум таза” деп турат», — деп жазды Алканова фейсбук баракчасында.

Мындан сырткары журналист шайлоонун таза эмес өтүшүнө «добушун саткан эл да күнөлүү» экенин белгиледи. Ошондой эле ал «чириген» система маселени чече албай күнөөнүн баарын Райымбек Матраимовго оодарып, аны камаганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-октябрда Райымбек Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармады. Ал эми Алканова Матраимов суракка өзү барганын кабарлаган — буга чейин УКМК аны күбө катары суракка чакырган.

УКМК Матраимов бажыда түзүп кеткен коррупциялык схема жолго коюлганын аныктап, териштирүү иштери башталганын кабарлаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2016-жылдан тарта бажынын кызмат адамдарды — алардын арасында Райымбек Матраимов — сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар менен биргеликте бажыда коррупциялык схема орнотушкан. Учурда Матраимовдун схемасына тиешеси бар делген 40 бажычы аныкталды.

Элнура Алканова деген ким?

Журналист Элнура Алканова 2017-жылы «Азаттыктын» «Бажыдагы миллиондор» аттуу иликтөөсүнүн авторлорунун бири — бул иликтөөдө бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу айтылган. Кийинчерээк Алканова бир катар кыргыз саясатчылары жана аткаминерлери тууралуу дагы иликтөөлөрдү жасаган — алардын ичинде экс-премьер-министр Сапар Исаков да болгон.

«5-канал» 15-июнда Алканова «Азаттыктын» журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу жүйөөлөрүн изилдеп чыккан репортаж жарыялаган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө Матраимовдордун башкармалыгындагы кайрымдуулук фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2,3 млн АКШ доллары которулган деп айтылат.

Алканова өзүнүн репортажында иликтөөнүн автору Али Токтакуновдун колуна тийген кээ бир документтердин анык экендигинде күмөн жаратып, жыйынтыгында «Азаттык» «ишенимдүү эмес маалымат» таратты деп айыптаган. Токтакунов иликтөөдө колдонулган документтер анык экендигин билдирип, эми бул кырдаал менен саясатчылар пайдаланышы мүмкүн деп белгилеген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү, анын ичинде парламенттин депутаты Искендер Матраимов жана бажынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдор азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп бир нече жолу кыйытып айткан.

Алканованын иликтөө тууралуу репортажынан кийин анын Матраимовдор менен байланышы бар деген пикирлер айтылган. Ошол кезде ал бул айыптоолорду четке каккан. 2020-жылы пандемия учурунда Алканова Матраимовдорго таандык болгон кайрымдуулук фонддун өкүлү экени ачыкталган. Кийин ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабында иштеп жатканын билдирген.

Ошондой эле Алканова аталган партия менен парламенттик шайлоого аттанган. 4-октябрда өткөн шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24 пайызга чукул добуш алганы менен, БШК шайлоону жараксыз деп тааныган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алканованын ачыкталган мүлкү жана «ыплас саясий технологиялар». Эмне белгилүү?