Конституциялык укук боюнча кеп-кеңеш берген эл аралык орган — Венеция комиссиясы Кыргызстандагы Конституциялык реформадан улам шайлоонун жылдырылышына байланыштуу amicus curiae ыкчам корутундусун жарыялады. Эксперттер Кыргызстандын депутаттары өз ыйгарымдарынан аша чапкан деген тыянакка келген.
Эксперттер эмне дейт?
Кыргызстандын мыйзамында «мөөнөтү бүткөн», ыйгарым укуктары аягына чыккан парламент тарабынан шайлоонун артка жылдырылышы боюнча так жазылган эмес. Андыктан Венеция комиссиясы салыштырмалуу конституциялык укукка таянган.
Мындай өткөөл мезгилде жаңы парламенттик шайлоо өткөргөнгө чейин укуктук боштук болбош үчүн парламент керек. Бирок анын функциялары кыскарат.
«Ошентип, мыйзам чыгаруучу органдын ыйгарымдарынын мөөнөтү аяктагандан кийин болуучу пророгация [парламенттин ыйгарымдарын узартуу] учурунда, парламентке айрым кадимки функцияларды аткарууга гана уруксат берилет, ошол эле учурда ага өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаларды бекитүүгө уруксат берилбейт», — деп айтылат корутундуда.
Өлкөдө согуш болгон жок, ӨА режими киргизилген эмес, демек парламентке мындай ыйгарымдарды берүүгө негиз жок. Азыркы тапта Жогорку Кеңештин аракеттери анын убактылуу функцияларынын алкагынан чыгып кетти жана аны демократиялуу деп айтууга болбойт.
Андан тышкары, конституциялык реформаны демилгелөө жана өткөрүү баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сыяктуу эле убакытты, юридикалык анализди, коомдук талкууну талап кылат.
«Бул процесс убактылуу функциялардын алкагынан чыгып бара жатат. Мындай ыйгарымдары чектелген бийлик бул мүмкүнчүлүктү өзүн конституциялык кеңешмега айлантууга колдонбошу керек.
Чыныгы демократиялык эркти сыйлоо, демек, негизги демократиялык принциптерди кармануу — бул жаңы парламент шайланганга чейин бардык конституциялык өзгөртүүлөрдү токтотуп туруу», — деп белгилешет эксперттер.
Азыр болсо Конституциянын жаңы долбоорун чыгаруу баскычында эле бузуу болуп жатат жана бул тынчсыздандырат.
«Конституциялык мыйзамдын өзүн кабыл алуу процессинде демократиялык стандарттарды бузган жана шайлоону токтото турган процедурасы конституциялык реформа ушундай жол менен ишке ашат деген коркунуч туудурат.
Конституциялык реформа өткөрүү зарылчылыгына байланыштуу шайлоону токтото туруу — бул Конституцияны аспаптык кабыл алуу гана болуп саналат жана демократиялык стандарттарга туура келет деп эсептелбейт деген таасир калышы мүмкүн», — деп жазылат корутундуда.
Шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдыруу кооптуу, шайлоо процессинин мөөнөтүнө байланышкан кандай гана өзгөрүү болбосун ал салмактуу так көрсөтүлүүгө тийиш. Артка жылдыруу үчүн жүйөөлүү себеп болушу керек.
«Бирок, талаш жараткан конституциялык мыйзам кабыл алынганда, Кыргыз Республикасы өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же форс-мажор абалында эмес болчу.
Ошол себептен, жарандардын саясий укуктарын чектөө мыйзамдуу максаттарга жетүү үчүн жетишерлик пропорционалдуубу же жокпу Конституциялык палата аныкташы керек», — деп жыйынтыкташты юристтер.
Дегеле Кыргызстандын иштеринин Венеция комиссиясына кандай тиешеси бар?
Венеция комиссиясы кайсыл бир мамлекеттин каалоосу жок эле анын иштерине киришип, анын саясий процесстерин изилдей албайт. Кыргызстан конституциялык маселелер боюнча эл аралык эксперттердин жардамын сурап өзү кайрылган.
Ноябрдын башында аларга Жогорку Кеңеш кайра өтө турган шайлоону алгач Конституцияны реформалагандан кийин өткөрүш керек деп чечип белгисиз мөөнөткө жылдыргандан кийин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев жазган.
Ошондо «Реформа» партиясы жана бир нече жарандык активисттер буга нааразы болуп, Конституциялык палатага кайрылышкан. Андан кийин Конституциялык палата эл аралык укуктун эксперттерине сурам кылып, Венеция комиссиясына төрт суроо жолдогон:
- Жалпы демократиялык принциптерден алып караганда, КРнын Конституциясында так көрсөтүлгөн чектөөлөр болбогон учурда, парламенттин ыйгарымдары соңуна чыккан убакыттан жаңы шайланып келген Парламенттин биринчи сессиясына чейинки аралыкта алардын ыйгарым укуктары канчалык кеңейиши мүмкүн? Өзгөчө, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган убакыт менен кайрадан жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнүн ортосунда конституциялык реформа жасоо демократиянын принциптерине канчалык деңгээлде дал келет?
- Жогорку мыйзам чыгаруучу органды аныктай турган шайлоо процессин, конституциялык реформа жүргүзүү максатында токтотуп туруу демократиянын принциптерине канчалык деңгээлде дал келет? (шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган убакыт менен кайрадан/жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнүн аралыгында)
- Шайлоо процессин токтотууну шарттаган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү канчалык деңгээлде демократиялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга дал келет?
- Мыйзам чыгаруучу органдын мыйзамды кабыл алуунун тартибин сактабашы демократиялык принциптерге канчалык туура келет?
Комиссия алтынчы чакырылыштын аракеттерине демократия, адам укуктары жана укук үстөмдүгү жагынан укуктук баа берди. Комиссия Кыргызстандагы саясий кырдаалга, саясий талаш-тартышка жана башка окуяларга комментарий берген жок.
Кыргызстандагы саясий кризис
Кыргызстандагы саясий кризи 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башталган — ошондо шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин, партиялардын мыйзам бузууларынан улам жарандар митингге чыккан.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп аткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, натыйжада митингчилер Ак үйдү басып алып, айрым саясатчыларды абактан бошотушкан — алардын арасында адамды барымтага алуу үчүн 10 жылга соттолгон экс-депутат Садыр Жапаров да болгон.
Абактан бошотулгандан кийин Жапаровдун тарапташтары лидерине премьерликти же президенттик орунду берүүнү талап кылууга өтүшкөн. Акыры алардын талабы дагы орундалган: алгач Жапаров премьер катары легитимдешкен. Ага чейин бир катар депутаттар тарабынан Жапаровдун талапкерлиги сунушталганы менен Конституциянын нормалары сакталган эмес болчу. Үчүнчү жолу процедура мыйзамга ылайык өткөн. Бирок айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан.
Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү талабы дагы ишке ашкан. Алар коркутуп-үркүтүүлөрдүн арты менен жаңы өлкө башчысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткара турган спикер Канатбек Исаев бул ыйгарым укуктарын Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып, ага жетишкен.
Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган жана Конституциялык реформа даярдалып баштаган. Жапаров парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгисиз мөөнөткө жылдыруу «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанган. Юристтер ал Конституцияны бузуп, Кыргызстанды мыйзам нугунан кризисти карай түртүп жатат деп эсептешет.
Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал коомдо «Ханституция» деген атка конууга үлгүрдү. Кээ бир саясатчылар анын авторитаризмге, Курманбек Бакиевдин убагына жана орто кылымга кайтуу деп аташууда.
Таң калтырбай турганы: бир нече саясатчылардын маалыматы боюнча, долбоорду Курманбек Бакиев президент болуп турганда президенттик аппараттын юридикалык кызматын жетектеген Бектур Зулпиев жазган. Садыр Жапаров аны президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына дайындаган.
Жапаров Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек деп эсептейт жана бул Конституциянын жаңы долбоорунда чагылдырылган. Мындан тышкары, долбоордо Жапаров мурда сунуштаган башка учурлар да бар, мисалы, өлкөнүн башкы органы — элдик курултай.
Депутат Канат Исаев долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле айтып чыкты, бирок Конституциянын жаңы долбоорун жазып чыккандардын расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.
Ошол эле кезде Конституциянын жаңы долбоорунда аты-жөнү көрсөтүлгөн бир катар депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышышпаганын билдиришти.