Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы башчысы Макс Георг Майер Кыргызстандагы конституциялык реформа жана эл арасында «ханституция» аталган Конституциянын жаңы долбоору тууралуу билдирүү жасады.
Ашыкча жанталашуу тууралуу
Майердин айтымында, конституциялык референдумдун башкы максаты — конституциялык түзүлүштүн, адам жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин, мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин жакшыртуу, бийлик бутактарынын ортосундагы милдеттерди оптимизациялоо жана бөлүштүрүү. Көз карандысыздык алгандан бери Кыргызстан жети, президенттик референдумду кошсок сегиз жолу өткөргөн.
«Эгерде Кыргызстан жарандарынын жашоосун жакшырткысы келсе, конституциялык реформа альтернатива болушу мүмкүн. Бирок ал дыкат даярдалып, коомдуy бардык бөлүгү менен талкууланып жана жетиштүү убакыт аралыгында макулдашуу керек. Бул 3-4 жума эмес! Эсиңиздерде болсун: “Шашкан шайтандын иши”», — деди ал.
Бирок, Майердин ою боюнча, республика мыйзам менен укуктун үстөмдүгүнө каршы чыгып, конституциялык реформанын регламентин бузууда, муну Венеция комиссиясы дагы тастыктады. Майердин айтымында, адамдар эмнеге добуш берип жатканын деле түшүнбөй калышы мүмкүн.
«Конституциянын жаңы долбоору шашылыш даярдалды, кеңири талкууга алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калган. Катардагы жарандар (басымдуу бөлүгү юридикалык билимге ээ эмес) 44 барактан турган документтин долбоорун окуп чыгат деп үмүттөнүү — иллюзия. Алардын көпчүлүгү референдумда мурда-кийин окубаган, бирок мындан аркы жашоосуна олуттуу өзгөртүү алып келе турчу бир барак кагаз үчүн добуш берет», — деп жүйөө келтирди Майер.
«Мокочо-мамлекеттик түзүлүш» тууралуу
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт, «конституциялык реформа кайрадан эле, мурдагы референдумдар сыяктуу саясий бийликти күчөтүүнүн куралына айланды» деп эсептейт.
«Мага кызык, Кыргызстанда эл кантип баарын тез унутат: силерде эки жолу президентке өлкөнү башкаруу укугун берген, саясий бийлигин орноткон салттуу президенттик түзүлүш иштеди. Экөөнүн тең кыйроо менен күнү бүттү. Эмне себептен үчүнчү аракет ийгиликтүү болушу керек?» — деп таң калды Майер.
Майер өлкөдө көйгөйлөр көп экенин жана аларды чечүү үчүн ачык-айкын, таасирдүү башкаруу керектигин мойнуна алат. Бирок Конституциянын жаңы нускасында көптөгөн мамлекеттик түзүлүштөргө курултай дагы кошумчаланган. Курултай жергиликтүү өз алдынча башкарууну кайталайт жана «бүдөмүк максат, милдеттерди» аркалайт.
«Коркконум бул “жаңы” конституция “мокочо” кейпиндеги, ансыз деле киши башына төмөн ($1300) келген өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүгүнө жакындабай турган ИДПны көбөйтө албаган мамлекеттик түзүмдү пайда кылат», — дейт ал.
Анда маселени кантип чечүү керек?
Анын пикири боюнча жаңы Конституция менен өлкөнүн көйгөйлөрү чечилип калбайт, себеп дегенде алар «мыйзамдарды кабыл алуу жана аткаруу тажрыйбасы, анын ичинде тийиштүү башкаруу менен гана» байланыштуу.
«Адегенде өз жарандарынын пайдасы үчүн иштеген чынчыл саясатчылар, адискөй жарандык жана муниципалдык кызматкерлер керек», — деп эсептейт Майер.
Майер маселени саясий жана административдик реформалар менен чечсе болот деп ойлойт: учурда мамбашкаруунун штаты ыгы жок көп жана жөнөкөй адамга түшүнүксүз. Президент, парламент, УКМК чечимдерди чыгарышат, бурок бул бийлик структуралынын толук тизмеси эмес. Алты млн калкы бар, анын ичинен 1 млну Орусияда иштеген Кыргызстанга мамбашкаруунун жети деңгээли туура келет, ошондуктан республикада «саясий башкаруу менен чечимдерди кабыл алуунун процессин тездетүү керек, аны так, ачык-айкын жана жарандар үчүн түшүнүктүү кылыш керек».
Бул жаатта административдик-аймактык реформа жана жарандардын район жана шаар башчыларын түз шайлоосу жардам бере алат.
«Конкреттүү сунуштар: облусттардын администативдик денгээлин жокко чыгаруу, 40 райондон райондук бюджети бар, райондук кеңеши бар 20 ири район түзүү, район жетекчилерин шайлоо укугун жергиликтүү тургундарга берүү, шаар мэрлерин шайлоону дагы жергиликтүү элге тапшыруу. Ошондо көрөсүңөр, өлкөнөр кантип өнүккөнүн — эч кандай конституциялык реформанын кереги жок болот», — деп жыйынтыктады Майер.
«Ханституция»
Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.
Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.
Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.
Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.
Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган. Бул учурдагы Конституцияны бузууга алып келген.
Коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан.
Конституциялык кеңешменин курамына 89 адам кирген. Алардын ичинен көбү Садыр Жапаровдун идеяларын түздөн-түз колдогон тарапташтары, Конституциянын жаңы версиясынын демилгечилери, андан тышкары, Манас таануу, кыргызстардын руханий жана салттык илим-билими боюнча адистер. Кеңешменин курамында долбоорго каршы болгон бир да оппонент жок.