Жапаровдун башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү сунушу эмнеси менен кооптуу?

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 23-ноябрда досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылган 7-каналга маек курган. Интервью учурунда президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду жылдырууга каршы эместигин айткан.

Ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Конституциянын жаңы долбоорунун үстүнөн иштөөдө шашылбай, талкууга бир-эки ай убакыт кетирүүгө чакырды.

Ошол эле учурда ал 2021-жылдын 10-январында референдумга эки маселени алып чыгууну сунуштаган. Биринчиси — Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо маселеси. Анын айтымында, бул маселе Конституциянын жаңы долбоорун шашылыш талкуулоону талап кылбайт.

Жапаров өзүнүн парламентке сунушу — мурдагы депутат, азыркы Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин президенттик же парламенттик башкарууну тандоо боюнча референдум өткөрүү сунушу экенин билдирди.

«Мен ошол мыйзамды бүгүн депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо референдумга койсо деп суранып кетет элем. Элден сурап алалы биз. [...] Бирок ошол жерге сөзсүз киргизиш керек: президенттикпи же парламенттикпи дегенден сырткары экинчи графа менен аралашма», — деди ал.

Референдумда жарандар добуш бере турган экинчи маселе — парламент кандай жол менен түзүлүшү керектиги жөнүндө.

«Экинчи графасында — аралашманы (35 бир мандат боюнча, 55 партиялык тизме боюнча) каалайсыңбы же партиялык шайлоону каалайсыңбы?» — деп белгиледи Жапаров.

Политолог Сания Токтогазиева Жапаровдун сунушуна комментарий берип, азыркы бийлик тактикасын улам сайын алмаштырып, жагдайга жараша кубулуп жатат дейт.

Токтогазиева билдиргендей, жада калса референдумдун темасын өзгөртүү сунушу дагы мыйзамсыз, анткени «парламенттин 6-чакырылышынын мындай укугу жок».

Анын айтымында, «процедура маселелерин эске албаганда» дагы, референдум — бул жакшы идея эмес. Анын бир нече себеби бар:

  • Референдум — бул бийликтин талаш маселеде көпчүлүккө жакпаган чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчиликтен качуу куралы. Мындай ыкманы дайыма коркок, шалаакы, чала сабат бийлик колдонот!
  • Шайлоочулар дайыма эле, каралып жаткан маселе боюнча терең маалыматы жок же маалымат алууга жөндөмдүү эмес.
  • Референдум тандалган өкүлдөрдүн ролу менен маанисин бузуп, сунушталган демократияны алсыздантат.
  • Референдумду көп учурда элдин жана демократиянын эмес, бийлик башындагы топтордун суроо-талабын кантааттандыруучу курал катары колдонушат.

Саясат таануучу белгилегендей, демократиялык референдум үчүн «шайлоочулар үчүн маалыматты бейтарап берүү керек», адмресурс колдонулбашы керек, «сапаттуу жана жеткиликтүү коомдук дебат», андан тышкары калк сынчыл ой жүгүрткөндү билиши керек.

Токтогазиеванын пикиринде, бул пунктар Кыргызстанда эч качан болгон эмес жана жакынкы аралыкта болбойт дагы.

«Бизде дайыма референдумга коюлган бардык сурооолор бир беткей көрсөтүлөт, биз популизм менен фейкньюс доорунда жашап жатканда референдум чындыгында саясий куралга айланып, демократия менен элдин кызыкчылыгын эмес, башкаруу тобунун талаптарына жооп берип калат», — деп жазды ал.

«Ханституция»

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган. Бул учурдагы Конституцияны бузган.

Коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан.

Конституциялык кеңешменин курамына 89 адам кирген. Алардын ичинен көбү Садыр Жапаровдун идеяларын түздөн-түз колдогон тарапташтары, Конституциянын жаңы версиясынын демилгечилери, андан тышкары, Манас таануу, кыргызстардын руханий жана салттык илим-билими боюнча адистер. Кеңешменин курамында долбоорго каршы болгон бир да оппонент жок.

22-ноябрда Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул эместердин тынчтык маршы өткөн. Маршка бир нече жүздөгөн адамдар катышкан — алар «ханституцияга жол бербейбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишкен. Ошондой эле, адам укугуна, сөз эркиндигине басым кылбоо, демократия жана парламентаризмге жол ачуу тууралуу талаптар болгон.