Конституциялык палата референдум өткөрүүнүн мыйзамдуулугун карап жатат

Конституциялык палатанын судьялары

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары «Реформа» саясий партиясынын жана активисттердин парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу жана конституциялык реформа жүргүзүү мыйзам жоболоруна шек келтирет деген арызын карап жатат. Арыз жазгандар бул жоболор Конституциянын бир нече беренелерине каршы келет деп эсептешет.

«Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жана азыр конституциялык реформа жүргүзүү мыйзамга каршы келерин түшүндүрүп берди.

Ал ошондой эле, Конституциялык палата адилеттүү чечим кабыл алат деп ишене турганын журналисттерге билдирди.

Конституциянын жаңы долбоорунун тарыхы

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актанган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрбөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт деп тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.

Жакында эле Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп кеткен Акылбек Жапаров Конституциянын долбоорун иштеп чыгууда президенттин аппараты аралашканын жана ошол кездеги президенттин м.а. Садыр Жапаровдун идеялары эске алынганын тастыктаган. Бул колдонуудагы Конституцияны бузуу болуп саналат.

Коомдук талкууга коюлган Баш мыйзамдын вариантына түзөтүү киргизүү үчүн президенттин м.а. Талант Мамытов [Садыр Жапаровдун тарапташы жана «Ата-Журттагы» партиялашы, Жапаров жана УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен бирге бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгон] Конституциялык кеңеш түзгөн.

Конституциялык кеңештин курамында 89 адам бар. Алардын басымдуу көпчүлүгү — Садыр Жапаровдун идеялаш жана түздөн-түз тарапташтары, Конституциянын жаңы долбоорун сунуштоо демилгесинин авторлору, манас таануу, салттуу билим жана кыргыздардын руханий байлыгы боюнча адистер. Кеңешменин курамында жаңы долбоорго каршы болгон бир дагы ачык оппонент жок.