Дебаттар. Айрым талапкерлер Жапаровдун чечимдерин жокко чыгаруу керек деп эсептешет

28-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлер Бактыбек Калмаматов, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев жана Аймен Касеновдун арасында дебат өттү.

Калмаматов башка талапкерлерге «эгерде алардын бири президент болуп шайланса, 5-октябрдан кийин кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарабы?» деген суроону узатты.

«Мен жаңы шайланган президент 5-октябрдан кийин бардык кабыл алынган документтерди жокко чыгаруу туура деп эсептеймин. Талапкерлер эгер утуп келип калсаңар ошого даярсыңарбы?» — деп суроо узатты Калмаматов.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Иманалиев Кыргызстан 7-октябрдан тарта укуктук нуктан чыгып, «Африкалык өлкөлөрдүн деңгээлине келип калганын» белгиледи.

«Садыр Жапаровду 7-октябрда премьерликке көрсөтүлүп жатат, Боронов премьерликтен 14үндө кетип жатат. Иштеп жаткан кишинин ордуна келип атат. Демек Садыр Жапаров кол койгон документтин баары жокко чыгарылышы керек. Ошондон баштап биз укуктук нукка киребиз. Биз 7-октябрдан баштап укуктук нуктан чыгып кеттик», — деп жооп берди Иманалиев.

*Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда отставкага кеткен. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаттары 6-октябрда эле Жапаровду премьерликке жактырган, бирок бул чечимдин легитимдүүлүгү шек жараткан — жыйында кворум сакталган эмес. Кийинчерээк, 10-октябрда, депутаттар Жапаровду кайрадан жактырган, бирок кайрадан депутаттардын керек саны чогулган эмес. Ал эми 14-октябрда депутаттар кайрадан чогулуп Жапаровду бекитишкен, экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны премьерликке дайындаган.

«Көз карандысыз адистер ошондой чечимге келсе, мен ошону кабыл аламын», — деди Аймен Касенов.

«Кошуламын, сөзсүз түрдө баарын жокко чыгарабыз», — деди Канат Исаев.

Ал эми буга чейин Клара Сооронкулова Жапаровдун акталышын мыйзамдуулугуна күмөн санаган. Ал сотторго басым жасалганын божомолдоп, Жапаров мыйзамдуу түрдө актылышы керектигин белгиледи.

*Буга чейин, 20-октябрда, Жогорку сот Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду 2012-жылы болгон «бийликти күч менен басып алуу» фактысы боюнча актаган. Ал эми Жапаровдун Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмил Каптагаевди «барымтага алуу» иши кайрадан сотко чейинки өндүрүшкө жиберилген. Жапаров бул факты боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.