Абдил Сегизбаевди колдоп чыккандар менен жубайы бошотулду

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин митингге чыккан тарапташтарын жана жубайын милиция бир нече сааттан кийин коё берди. Алар Бишкектеги Улуттук филармониянын алдына Сегизбаевди колдоо максатында эртең мененки саат тогуздан баштап пикетке чыгышкан болчу.

Милиция тарабынан кармалган Сегизбаевдин тарапташтырынын бири Мээрим Асанова «Азаттыкка» билдиргендей, протокол түзүлгөндөн кийин милиция аларды бошоткон. Митингчилерди Ленин РИИБдин кызматкерлери алып кеткени айтылган.

Улуттук филармонияда ушул эле күнү, 28-январда, Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Жапаров ант берип, расмий түрдө өлкө президенти болду.

Бул салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиянын жетекчилери, өкмөттүн мүчөлөрү, интеллигенция өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле, мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков да чакырылгандардын арасында болгон.

Буга чейин Сегизбаевдин «Коррупцияга» шектелип жаткандыгы кабарланган. Ал 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Эки күндөн соң Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы жана 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алуу боюнча шектелип жатат.

Тема боюнча:

«92 жер тилке». Абдил Сегизбаев коррупцияга шектелип жатат

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Белизгейт» иши боюнча кармалды

Абдил Сегизбаев эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди

Абдил Сегизбаевди колдоп чыккандар менен жубайын милиция кармап кетти