УКМК: Көмүр кенин басып алууга айыпталган прокурор мамлекетке 20 млн сом төлөп берди

Улук Өмүрзаков. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

УКМК Ош облустук прокуратуранын улук прокурору Улук Өмүрзаков мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыянды төлөп бергенин билдирди. Ошондой эле атайын кызмат Өмүрзаков прокуратура органдарынан кетүү тууралуу арыз жазды деп ишендирди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган шектүүлөр «Жол-Чырак и КО» ЖЧК кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди», — деп билдирди атайын кызмат.

30-январда Бишкектин биринчи май райондук соту Өмүрзаковдун баш коргоо чарасын карап, аны башка жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

Өмүрзаков өткөн жылдын 12-ноябрында Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып кармалган болчу. Ошондой эле, прокурор менен биргеликте ишке тиешеси бар төрт киши да кармалган.

«Жол-Чырак и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрү Алмас Жоробеков жана Муратбек Исраилов арыз менен кайрылган. Алар аталган компанияны Кутман Шермат уулу аттуу киши басып алганына даттанышкан.

Ошондой эле, бул ишке Улук Өмүрзаковдун да тиешеси бар экенин айтышып, ал ээлик кылган «Мухаммед-Умар» коопсуздук агенттиги «кендин чыныгы ээлерин ишканага кирүүгө тоскоолдук кылып жатканына» даттанышкан.

Өмүрзаков Биринчи май райондук соту тарабынан 30-январда эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган. Ал — ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси.

Буга чейин жасалма паспорт алууга шектелип кармалган Кылыч Саркарбаев да мамлекетке келтирген 1 млн сом зыянды төлөп бергени маалымдалган. Ал Ош мэриясынын спорт комитетин 2017-жылдан тарта жетектеп келип, үй камагына чыгарылгандан кийин кызматынан бошотулган.

Мындан сырткары, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун 1 млндон ашуун зыянды төлөп бергени белгилүү. Ал 13-январда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган болчу. Ошондой эле, Сайпидинов тергөөнүн аягына чейин убактылуу кызматынан алынган.

Экономикалык мунапыс

Жыл башында президенттин милдетин аткарып турган спикер Талант Мамытов Экономикалык мунапыс тууралуу мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзамга ылайык, айрым кылмыш иштерине барган кыргызстандыктар мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруп берген учурда абак жазасынан кутулуп кете алат. Ошондой эле ал мыйзамсыз жол менен табылган бизнес менен мүлктү адалдоого жол ачат.

Тема боюнча:

Рейдерликке айыпталган Ош облусунун прокурору Улук Өмүрзаков башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду

УКМК: Оштун прокурору Улук Өмүрзаков рейдерлик басып алууга айыпталып кармалды