Радиожыштыктар иши боюнча Байланыш агенттигинин экс-башчысы кармалды — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура 1-февраль күнү Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Мамлекеттик байланыш агенттининин мурдагы жетекчиси Чыңгыз Бекташевди коррупцияга шектеп кармаганын билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Бекташев 2016-жылы декабрда маморгандын аткаминерлери жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, байланыш операторуна радиожыштыктарды колдонуу үчүн лицензияны төмөндөтүлгөн баада берген.

«Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн. 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Башкы прокуратурадан бул иш боюнча тийиштүү тергөө амалдары уланып жатканын дагы кошумчалашты.

Радиожыштыктарын сатуу иши

Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысын 2020-жылдын апрель айынан тартып Аскер прокуратурасы менен УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу иликтеп жатат.

Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы менен УКМК 12-майда Мамлекеттик байланыш агенттиинин экс-башчысы Наталья Черногубованы кармаган. Черногубова коррупцияга жана радиожыштыктарды сатууда уюлдук байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен көмүскө бүтүмгө барган деп шектелүүдө.

Анын артынан эле Мамлекеттик байланыш агенттигинин эки жана УКМКнын эки кызматкери, ошондой эле «Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалган.

Ал эми 15-декабрда өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары Азамат Араев кармалган.

2020-жылдын декабрь айынын башында Черногубова жана иштин бир нече фигуранттарынын баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, алар үй камагына чыгарылган.

Көп өтпөй бул кылмыш ишине ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктардын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылганын, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын тушунда 200 МГц жыштык 700 сомго сатылууда деп айткан.

Абылгазиев чырдын шарты менен өргүү алып, андан соң отставкага кеткен. Бирок бул ишке Абылгазиев тиешесинин бар жогу тууралуу расмий айтылган эмес.