Сапар Исаков: Матраимовдун уурулугу такталып камакка алынды, убакыт баарын өз ордуна коёт

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков издөөгө жарыялангандан төрт ай өткөндөн кийин фейсбук баракчасынан үн катты. Анда «эртели-кеч акыйкат орнойт» деп айтылат.

«Урматтуу мекендештерим! Эртели-кеч чындык жарк этип такталат, мен ишенем сөзсүз акыйкат орнойт», — деген Исаков. Анын жарыяланган постунда локация катары Орусиянын Москва шаары көрсөтүлгөн. Бирок Исаков өзү так кайда экенин жазган эмес.

Ошондой эле экс-премьер бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында кызматтан «ууру» болгондугу үчүн алганын белгиледи.

«Раимбек Матраимовдун ууру экенин 2017-жылы тактап, кызматтан алгам. Азыр уурулугу такталып камакка алынды, учур, убакыт баарын өз ордуна коёт», — деп жазган ал.

*Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Андан көп өтпөй ЖЭБ боюнча билдирүү жазып, жылуулук электр борборундагы аварияга чындап күнөөлүү болгондор айыптоолордун артына жашынып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун «саясий буюртмасын аткарган» деп белгилеген.

Буга чейин Исаков Франциядан башпаанек сураганы боюнча маалымдалган болчу, анткен менен анын жактоочусу Замир Жоошев башпаанек окуясы тууралуу жана кардары кайда экени боюнча кабары жок экенин айткан.

Исаков өткөн жылы 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган. Ал күндөрү парламенттик шайлоого нааразы болгондор Ак үйдү басып алгандан кийин, абактагы бир нече саясатчылар чыгарылган.

Андан соң саясатчылардын айрымдары кайра түзөтүү мекемелерине кайтарылган болчу. Бирок Исаков кармалып жаткан абакка кайтып барган эмес. Ал Молдовановка айылындагы №27 колонияда болчу. Кийинчерек өткөн жылдын 26-октябрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Исаковго эл аралык издөө жарыялаган.

Сапар Исаков — Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупцияга тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрель айына чейин премьер-министр болгон.

Тема боюнча:

Адвокат: Сапар Исаковдун Франциядан башпаанек сураганы боюнча кабарым жок