Финпол эки айда 140 кылмыш ишин козгоду — Марипов

Премьер-министр Улукбек Марипов социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо чараларын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу 18-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешме учурунда Марипов текшерүүчү маморгандар «инвесторлорду коркутуу тажрыйбасын» токтотушу керектигин белгиледи. Өкмөт башчысы кошумчалагандай, президенттин бизнести коргоо үчүн чыгарган жарлыгына карабастан март айында жоюлган Финансылык полициясы январь - февраль айында 140 кылмыш ишин козгогон.

*Финпол Мариповдун буйругу менен 2021-жылдын 5-мартында жоюлган. Анда өкмөттөн ведомство «бир гана жазалоочу функция» аткарат деп билдиришкен.

Ошондой эле, отурумда экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев ишке ашыруу планы боюнча, экономиканын туруктуулугун камсыздоо үчүн өлкөдө консулдук кызмат акысы төмөндөп, бажыдагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жоюлуп, ошондой эле Бишкекте кесиптик багыт берүү борбору ачылганын билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн суу май чыгаруучу өндүрүшчүлөрдү салыктан бошотуу боюнча иштеп жатканын кошумчалады.

Бизнеске кысым

2020-жылдын октябрь айында саясий кризис башталып, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин бизнесмендер жана инвесторлор Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр жана кысым кылуу өтө көп болуп жатканы тууралуу маалымдап башташкан.

Кыргызстанда шайлоо өткөндөн кийин, башаламандыктар болуп, бийлик алмашкан. Садыр Жапаров башаламандыктын аркасынан тарапташтарынын жардамы менен түрмөдөн бошонуп чыгып, өлкөнүн тизгинин колуна алган.

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерге өтө катуу кысым кылууну токтотууну суранып, бийликке бир нече жолу кайрылган.

2020-жылдын декабрында ал жергиликтүү бизнес COVID-19 пандемиясынын кесепетинен катуу жабыркаганын, ал эми укук коргоо органдары тарабынан күчөгөн кысым ишкерлерди банкротчулукка кептеши мүмкүн экенин билдирген.

«Пандемия жана октябрь айынын окуялары өлкө аймагындагы ишканаларга жана ишкерлерге катуу сокку урду; көпчүлүгү үзгүлтүккө учурап, кудуретсиз болду, калгандары бизнесте калуу үчүн күрөшүп жатышат, көптөгөн кызматкерлер бир нече айдан бери айлык ала элек», — деп билдирген Орд-Смит.

Ошондой эле, ал бийликтин мындай иш-аракеттери мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу принцибин күмөндүү кыларын, экономиканын калыбына келишине бут тосорун жана инвесторлорду бушайман кыларын кошумчалаган.

Андан бери Орд-Смит бир нече жолу ушундай эле билдирүүлөрдү жасап, ал тургай президент Садыр Жапаров менен да жолугушуп, ал жерден бизнеске кысым боюнча теманы көтөргөн.

Жапаров бул жолугушууда конституциялык реформадан кийин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулайт деп ишендирген. Ал бизнес-акыйкатчынын ишин колдой турганын кошумчалады.

Дагы караңыз:

Бишкекте француз ишкери алдамчылыкка шектелүүдө. Жактоочу фактылар бурмаланганын айтат

Чолпон Жакупова бизнеске кысым болуп жатканын айтып, президентке кайрылды

Жапаров бизнести ыксыз текшерүүлөрдөн коргоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Финпол Gergert Sport дүкөнүн текшерип жатат. Учурда дүкөн жабык