Референдумга 15 үгүт тобу катталды — үчөө Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы үгүттөйт

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-мартта Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга жалпы 15 үгүт тобун каттады. Анын ичинен он экиси «макул» деп добуш берүүгө, үчөө «каршы» добуш берүүгө үгүт иштерин жүргүзөт.

«Каршы» үгүт топторун Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, «Реформа» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Клара Сооронкулова, жарандык активист, «Реформа» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Рита Карасартова, жарандык активист Чынарбек Шабдан уулу жетектейт.

«Макул» үгүт топторунун жетекчилеринин бири «Кайрымдуу бол» коомдук кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Азамат Байматов болсо, калган жетекчилер тууралуу ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандагы конституциялык реформа

5-октябрда жарандар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдирип, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.

Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.

Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо

Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алууну сунуштаган.

Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.

Аны менен катар 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын

9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.

Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен. 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелине, жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен бир күнгө белгиленген.