Айзаданы өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев Алай районунда жерге берилди

Жаңы-Турмуш айылы, 9-апрель. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, аны өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев 10-апрелде Алай районунун Жаңы-Турмуш айылында жерге берилди. Бул тууралуу «Клоопко» жергиликтүү тургун билдирди.

«Саат 10дор чамасында коюлду. Ошол эле айылдын бир жамааты келип көмүптүр», — деди ал.

Тургундардын айтымында, Теңизбаев аталган айылда төрөлгөн. Бирок 30 жыл мурда, ата-энеси ажырашып кеткен соң, апасы жана бир туугандары менен Бишкек шаарына көчүп кеткен.

Теңизбаев туулуп-өскөн үй. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Айзаданын өлүмү

2021-жылдын 5-апрелдин таңында, Теңизбаев бир нече киши менен чогуу Айзада Канатбекованы уурдаган. Окуя видео байкоо камераларына түшүп калган — анда Айзаданын жанына бир киши келип, аны күчкө салып автоунаа жакка жетелеп кеткени көрүнүп турат.

Ошондой эле кыздын жанына дагы эки киши келип, мажбурлап кызыл түстөгү «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү автоунаага отургузушкан. Андан соң унаа белгисиз тарапка жөнөп кеткен.

Эки күндөн кийин гана, 7-апрелде, Чүйдүн Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан автоунааны байкап милицияга кабарлаган. Чакырууга келген милиционерлер унаанын арткы орундуктарында Айзада Канатбекованын жана аны уурдоого шектелген Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн табышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, Теңизбаев алгач Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң өзүнө канцелярдык бычак менен кол салган.

Бишкек ШИИБден билдиришкендей, Теңизбаев Орусияда «Уурдоо», «Каракчылык» жана «Опузалап талап кылуу» беренелери боюнча соттолгон. Абакта беш жарым жыл отуруп чыккан соң, ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Кыргызстанга келгенден кийин иниси ижарага алган унаада такси кызматын көрсөтүп келген. Акыркы бир нече ай унаанын ичинде жашап, иштеген.

ИИМге карата нааразычылык

Айзаданын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында маркумдун урматына зомбулукка каршы митинг өткөн. Көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.

Айзаданын жакындары да милиционерлерге нараазы болушуп, аларга чара көрүлүшүн талап кылышкан. Кыздын энеси Назгүл Шакенованын сөзүндө, тергөөчүлөр «сарсанаа болбогула, ачуу басар келет, той жейсиңер» деп айткан. Ошондой эле маркумдун жакындары шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылып, артынан коркутуп жүргөнүн маалымдашкан.

Шакенованын айтымында, ал Биринчи май РИИБисинде арыз менен кайрылганда бала кызынын артынан аңдып жүргөнүн жана анын «психикалык саламаттыгынан күмөн санаганын» да белгилеген. Бирок ага карабастан убагында чара көрүлгөн эмес деп эсептейт.

Кийинчерээк Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар деп шектелген төрт киши кармалган. Ошондой эле прокуратура милициянын аракеттерин иликтей баштаган. Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери иштен алынып, дагы 32си жазаланды — Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан