«Бүгүн эл колдоп берсе, биз жаңыча жашайбыз» — Жапаров

Президент Садыр Жапаров жубайы менен Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди. Ал өзү демилгечи болгон Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга байланыштуу чакан кайрылуу жасады.

«Бүгүн бизде жалпы улуттук референдум өтүп жатат. Кыргызстанда 30 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин Конституция көп жолу өзгөргөн. Ар бир жолу биз Конституциянын долбоорун башка өлкөлөрдөн көчүрүп келгенбиз. Бүгүнкү күндө алгачкы жолу Конституцияны өзүбүз жаздык. Конституциянын жаңы вариантын даярдоо процессине аксакалдар, академиктер, укук жаатындагы окумуштуулар катышып, Баш мыйзамдын долбоорунун мазмуну коомчулук менен ачык талкууланды», — деп белгиледи президент.

*Дүйнөлүк коомчулук үчүн легитимдүүлүгү күмөн жараткан Конституциялык кеңешменин курамында көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер болгон. Бир катар кыргызстандык юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар жумушун улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Ошол эле кезде, учурда күчүндө болгон Конституция боюнча түзөтүүлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрүн жана нормаларын регламентин көрсөткөн нормалар сакталган эмес. 2-мартта, коомдук талкуу бүткөнгө чейин, калкка эч кандай эскертүү бербей туруп, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча биринчи окууну өткөрүшкөн. 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Дагы бир нече күндөн кийин, 11-мартта депутаттар көпчүлүк добуш менен референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап жактырышкан. Расмий күн тартибинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо мыйзамы көрсөтүлгөн эмес. Депутаттар болсо Жогорку соттун Конституциялык палатанын корутундусун күтпөй, дагы бир нече нормалардын талабын аткарбай коюшкан.

Жапаров «президент катары» кыргызстандыктарды «референдумга активдүү катышууга жана добуш берүүгө» чакырды.

«Ким кантип жана эмнеге добуш берет — бул анын жеке тандоосу, биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Бизде ачык-айкын шайлоо процесси болушу керек», — деп билдирди ал.

*Ошол эле учурда окуянын күбөлөрү, шайлоочулар жана байкоочулар УШКларда жергиликтүү кеңешке шайлоого катышып, бирок референдум үчүн добуш берүүдөн баш тарткан жарандарга басым жасаган учурларды каттап жатышат.

Саат 14:00гө карата БШКнын маалыматына ылайык, өлкөдө жергиликтүү кеңешке шайлоодо 20,33%, ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда 19,41% шайлоочу добуш берди. Референдумда дагы деле Ош шаары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (26,18%). Баарынан Бишкекте добуш бергендер аз болууда (15,62%). Бирок электоратта тандоо үчүн дагы убакыты бар, аны менен катар Жапаровдун айтымында, конституциялык реформаны кааласак эртең деле баштоого даярдык көрүлгөн. «Эгер элибиз бул Конституцияны колдоп берсе, биз эртеңден тартып жаңы Конституция менен жашайбыз», — деген ал.

Ошондой эле, ал бардык даярдыктар аягына чыкканын билдирди — «өкмөт жана президенттин администрациясы буга чейин мыйзам долбоорлорунун топтомун даярдашкан» жана «парламент каникулга кеткенге чейин аларды кабыл алат».

«Биз тапшырма бергенбиз, бардык мыйзамдар иштелип чыгып, долбоорлору даяр турат. Эгерде бүгүн эл референдумду колдоп берип, жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгы чыкса, болжолу менен 20-апрелден кийин биз бардык мыйзамдарды Жогорку Кеңешке киргизебиз. Жогорку Кеңеш каникулга кеткенге чейин бардык мыйзамдарды кабыл алып бериши керек. Кабыл алып берсе, андан кийин биз жаңыча, жаңы мыйзамдар менен жашоону улантабыз», — деп айтып берди президент.

Тема боюнча окуңуз:

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлдү. Аны Жапаров өзү жетектейт

Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?

Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров: Жаңы Конституция боюнча жоопкерчилик элде дагы болот