Адвокат Токтакунов: Милиция «Айзада кандай кыз болгон?» деп сураштырып жүрөт

Нурбек Токтакунов маркум Айзада Канатбекованын адвокаты болгонун жана анын өлүмү боюнча иш кандай тергелип жатканын коомчулукка маалымдай турганын билдирди.

Токтакунов Айзаданын өлүмү боюнча учурда эки иш каралып жатканын билдирди. Анын биринчиси Канатбекованын уурдалып, киши колдуу болушу — бул ишти Бишкек ШИИББ тергеп жатат. Ал эми экинчи иш милициянын шалаакылыгына байланыштуу, ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагына өткөрүлгөн.

«Үч күндөн бери адам өлтүрүү иши боюнча тергөөчүгө дагы, шалаакылык иши боюнча тергөөчүгө дагы байланышууга аракет кылып жатабыз. Маселе мында, маркумдардын табылганына 5 күн өттү, алардын ким экени аныкталды. Бирок тергөөчү Айзадынын апасын жабырлануучу катары тааныбай, аны жана башка туугандарын суракка ала элек», — деди Токтакунов.

Юрист шектүүлөр кармалгандан тарта экспертизалар дайындалып, жабырлануучулар иштин жүрүшү тууралуу билгени жана тергөө иш-аракеттеринде катышууга укуктуу болгонун айтты. Ошондой эле, Токтакунов кармалган шектүүлөр күмөн жаратканын кошумчалады.

«Азыр милиция эмне кылып жатат. Биз азырынча милиция сөөктөр табылгандан кийин (кылмыш жасалган жерде эмес, Айзаданын апасы жашаган жерде) кошуналарга барып, “ал [Канатбекова] кандай кыз болгон?” деп сураштырып жүрөт. Мындан сырткары алар туугандарын сүйлөшүүлөргө чакырып, милициянын шалаакылыгы тууралуу айттырбоо үчүн ар кандай компромисс сунуштап жатышат», — деп билдирди Токтакунов.

Бишкек ШИИББдин жообу

Көп өтпөй Бишкектин милициясы Токтакуновдун билдирүүсүнө жооп берип, «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кабарлады.

Мекеме тараткан билдирүүгө ылайык, милиция телефон байланышуулар тууралуу маалыматтарды алып, кармалган шектүүлөрдүн катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүздү. Ошондой эле, учурда окуяга тийиштүү видеожазуулар алынып, шектүүлөрдүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Мындан сырткары милиция мүмкүн болгон күбөлөрдү издеп жатат.

«[Канатбекованын] апасынын абалы, туугандары жана жакындарынын кайгысы, ошондой эле алар тажыя уюштуруу менен алек болгону эске алынып, адамгерчилик максатында, аны суракка алуу, ошондой эле аны ала качуу иши боюнча жабырлануучу жана [Айзаданын] мыйзамдуу өкүлү катары таануунун мөөнөтү жылдырылды», — деп билдиришти Бишкек ШИИББден.

Ал эми Канатбекованын киши колдуу болгонун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат. Учурда бул ишти Канатбекованы ала качуу иши менен бириктирип, Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Ошондой эле, милициядан «айрым адамдарды» туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырып, бул үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартарын эскертти.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 7:00де бир нече киши тарабынана уурдалган. Канатбекова кызыл түстөгү Honda үлгүсүндөгү унаага зордук менен отургузулган кези сырткы видео-байкоо камераларга түшүп калган.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде, Канатбекова уурдалган Honda унаасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада табылган. Унааны тапкан чабан милиция кызматкерлерин чакырып, бул унаа 5-апрелден бери талаада турганын билдирген.

Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.

Тергөө учурунда Теңизбаев Орусияда уурдоо, тоноо, каракчылык жана опузалап талап кылуу үчүн бир нече жолу соттолуп чыкканы белгилүү болгон. Ал 2017-жылы камактан болшотулуп, Орусиядан депортацияланган.

Айзаданын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында маркумдун урматына зомбулукка каршы митинг өткөн. Көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.

Айзаданын жакындары да милиционерлерге нараазы болушуп, аларга чара көрүлүшүн талап кылышкан. Кыздын энеси Назгүл Шакенованын сөзүндө, тергөөчүлөр «сарсанаа болбогула, ачуу басар келет, той жейсиңер» деп айткан. Ошондой эле маркумдун жакындары шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылып, артынан коркутуп жүргөнүн маалымдашкан.

Шакенованын айтымында, ал Биринчи май РИИБисинде арыз менен кайрылганда бала кызынын артынан аңдып жүргөнүн жана анын «психикалык саламаттыгынан күмөн санаганын» да белгилеген. Бирок ага карабастан убагында чара көрүлгөн эмес деп эсептейт.

Кийинчерээк Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар деп шектелген төрт киши кармалган. Ошондой эле прокуратура милициянын аракеттерин иликтей баштаган. Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери иштен алынып, дагы 32си жазаланды — Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан