Нариман Түлеев «Эмгек» партиясын добуштарды сатып алууга айыптап, шайлоодон четтетүүгө чакырды

Нариман Түлеев

«Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Эмгек» партиясын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодон четтетүү керектигин билдирди. Түлеевдин айтымында, «Эмгек» добуштарды сатып алган.

«Шаардыктарга таасир этип, азык-түлүк таңгактарын таркатып, көчмө добуш берүүдө пенсионерлерге кимге добуш берүү керектигин түздөн-түз көрсөткөн. Бардык фактылар ЖМКларда жарыяланган, бирок чаралар көрүлгөн эмес», — деп жазды Түлеев.

Ошондой эле Түлеев шайлоонун астында Дордой базарындагы соодагерлерге массалык түрдө патенттер сатылып алынган белгилеп, муну да добуштарды сатып алуу катары баалады. Дордой базары «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековго таандык.

Мындан сырткары «Ак Батанын» лидери «Эмгек» партиясы менен байланышы бар кылмыш иштери тууралуу да эскертти — алардын бири Бишкектеги «жарандык демилгелер» долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуу.

*УКМК Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери жана шаардык кеңештин депутаттарын жергиликтүү бюджеттен 43 млн сомду мыйзамсыз пайдаланууга шектеп жатат. Тергөөнүн версиясына ылайык, бул каражаттар парламенттик шайлоодо үгүттөөгө сарпталган. Түлеев буга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун тиешеси бар деп божомолдоду. Абиров «Эмгек» партиясын шаардык кеңешке өткөн шайлоого баштап барган.

«Ошол эле жерде Ленин районунун акимине карата кылмыш иши козголгон. Ал дагы “Эмгектин” пайдасына бюджеттик каражаттарды колдонгон. Мындай жол менен, бюджеттеги каражаттарды иштетип, “Эмгек” Ленин районунда эле көчмө добуш берүү аркылуу 2-3 миң шайлоочунун колдоосун алды», — деди Түлеев.

*Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 29-мартта Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевди «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ыксыз коротууга» шектеп кармаган. Аткаминер ошол эле күнү кызматтан алынды. Ал эми ЖМКлар Чыныбаев шаардык бюджеттин эсебинен «Эмгек» партиясынын талапкерин үгүттөгөн деп жазышкан.

Түлеев ушундай эле көрүнүш Свердлов районунда да байкалганын айтып, «калкты сатып алуу схемасы» мурдатан иштелип чыкканын билдирди. «Ак Батанын» лидери «Эмгек» партиясына чара көрүп, аны шайлоодон четтетүү талабын койду.

«Эгерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса да, анда “Эмгекти” кайра шайлоого жолотпоо керек. Ал эми “Ак Бата” кайра шайлоого катышууга, ошондой эле мурдагыдай эле шайлоо процессинин мыйзамдулугун жана тазалыгын сактоого даяр», — деп жыйынтыктады «Ак Батанын» лидери.

«Эмгектин» жообу

«Эмгек» партиясы Түлеевдин билдирүүсүн «этикага туура келбейт» жана «ушак» деп атады. Партиянын басма сөз кызматы «Эмгек» тарабынан добуш сатып алуу сыяктуу бир да мыйзам бузуу катталбаганын белгилешти.

«“Ак Бата” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилгенин эскертебиз, ал эми Нариман Түлеевдин башка партияларга карата жасаган айыптоолору “истерика” катары кабыл алынат. “Ак Батанын” лидеринин этикага туура келбеген аракеттери анын саясий чоркоктугун көрсөтөт», — деп билдиришти «Эмгектен».

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 1-апрелде «Ак Батанын» талапкери Ыргал Кыдыралиеваны шайлоодон четтеткен. Буга Кыдыралиеванын Ак-Бата конушунда спорттук иш-чара өткөргөнү жана анда бекер тамак-аш таратканы себеп болгон. Ошондой эле партияга кат түрүндө эскертүү берилген.

Анткен менен 14-апрелде Жогорку сот Кыдыралиевага шайлоого катышуу укугун кайтарган.

НДПКнын четтетилиши

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-апрелде «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы» (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодон четтетти. Боршайкомдон НДПК 11-апрелде добуштарды сатып алууга аракеттенип, андан сырткары үгүт жүргүзүп, шайлоо кампаниясын каржылоо тартибин бузганын билдиришти.

Ал эми НДПК Бишкек АШКсы «негизсиз жана мыйзамга туура келбеген» чечимди кабыл алганын билдирди. Алар «жеңишти сактап калуу үчүн» бардык мыйзамдуу жолдорду колдонууга даяр экенин айтышууда.

«АШКнын НДПКны четтетип салууга негиз болгон эки ойлоп чыгарылган эпизод жалпы жыйынтыкка таасир эте албайт, жадагалса ошол участкалардагы жыйынтыктар жокко чыгарылган учурда да. Башкача айтканда, НДПКнын шайлоодогу жалпы жыйынтыгына алар эч кандай таасир эте албайт болчу», — деп билдиришти НДПКдан.

Ошондой эле НДПК шайлоо мыйзамын одоно бузган кээ бир партиялардын талапкерлери гана четтетилип аларга эскертүү берилгенине да нааразы болушту.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешке «Эмгек» (10), «Ак Бата» (9), НДПК (8), «Ата-Журт Кыргызстан» (7), «Ынтымак» (6) жана «Биздин эл» (5) партиялары өткөн. Ал эми НДПК шайлоодон четтетилгенден кийин мандаттардын саны өзгөрүп, буга чейин өтпөй калган партиялар да шаардык кеңешке өтүп калышы мүмкүн.