Кыргызстанга май айында AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет

Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде түз эфирге чыгып, өлкөгө май айында британиялык AstraZeneca вакцинасы келээрин маалымдады.

«AstraZeneca вакцинасына керектүү материалдар (шприцтер жана шприцтерди утилизациялоо үчүн кутулар — редакция) бүгүнкү күнү биздин өлкөгө келип түштү, май айында вакцина өзү келет. Биздин жарандардан суранып кетем — барыңыздарды вакцина алууга чакырам», — деди Марипов.

Буга чейин COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга 423 миң шприц жана аларды коопсуз утилизациялоо үчүн 3 825 атайын куту жеткирилген.

Ал эми Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова AstraZenecaнын 420 миң дозасы келе турганын «Кабар» агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда вакцинаны өндүрүүчү компания жана Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимге кол коюунун акыркы стадиясы жүрүүдө.

«Бул документке тез арада кол коюлбайт. Премьер-министр бул келишимди изилдөө үчүн юристтерден турган ведомство аралык жумушчу топту түзүү тапшырмасын берди. Ал ведомстволордо макулдашуу процессинен өткөндөн кийин премьер-министр тескемеге кол коюп, аны COVAXга жиберет», — деди Ишенапысова.

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмделет.

Өлкөгө алгач кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жеткирилген — ал 75 миң кишиге каралган.

Ал эми 22-апрелде Sputnik V вакцинасынын 20 миң дозасы келген — анын 5 миңи акысыз. Орусиялык вакцина менен эмдөө 23-апрелде башталды, биринчилерден болуп 65 жаштан улуу курактагы жана өнөкөт оорусу бар адамдар эмделет.

Жалпысынан Кыгызстанга Sputnik V вакцинасынын 1 млн дозасынын келүүсү күтүлүүдө, анын 500 миңин Орусия жардам катары берери күтүлүүдө.

AstraZeneca

AstraZeneca вакцинасы

AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы февралдын башында келиши күтүлгөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул вакцина менен кыргызстандыктардын 20%ы эмделе турганын билдирген.

Көп өтпөй AstraZeneca вакцинаcын колдонуудан Дания, Норвегия, Исландия, Болгария жана Таиланд убактылуу баш тарткан. Буга мамлекеттердин вакцина алган адамдарда тромб, башкача айтканда кан тамырда уюган кан жаралуу кооптуулугу себеп болгон.

Анткен менен Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө тромб жаралуу коркунучун пайда кылбайт, эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунуштаган, себеп дегенде эмделгендердин өлүмү вакцинага байланыштуу экени далилденген эмес.

Буга карабастан Кыргызстандын өкмөтү AstraZeneca вакцинасын алып келүү ишин убактылуу токтотуп, вакцина тууралуу толук маалыматты сурашкан.