«Баткен сен жалгыз эмессиң!». Бишкекте митинг өтүүдө

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу «Баткен сен жалгыз эмессиң!» деген тилектештик митинги өтүп жатат. Ага 100гө чукул адам келген. Алар жарандык активисттер жана шаар тургундары. Алар өкмөттү чыр чыккан жерге барып, маселени чечип беришин талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн алдынба Баткендеги чек ара чырына байланыштуу митинг

Митингге чыккандар өкмөттү сынга алып, президент Садыр Жапаровду, премьер-министр Улукбек Мариповду жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди элдин алдына чыгып, кырдаалды түшүндүрүп беришин жана Баткен облусунун жетекчилигине Мамат Айбалиевди дайындоону талап кылышты.

Алар «Баткен да Кыргызстан», «Чек ара үчүн даканса», «Эл башы болгуча, суу башы бол», «Оозуңду ачпа» деген плакаттар менен жана Баткендеги чырда жаракат алган кыргызстандыктар тууралуу жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Мындан сырткары Баткен облусунда аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүп, Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктөгү танктарды кыргыз-тажик чек ара аймагына көчүрүү сыяктуу бир катар талаптарын айтышты.

Алар Тажикстан менен чектеш аймактарда чек арачыларды күчтөндүрүүнү, элдин бейпил жана тынч жашоосун камсыздоону талап кылышты.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.

ТЕМА БОЮНЧА

УКМК: Тажикстандын аскерлери «Головнойду» аткылап жатат

ССМ: Кыргыз-тажик чек арасында октон жарадар болгон тургундун абалы орто оор