Чек арадагы атышуудан 17 кыргызстандык жаракат алып, бир киши каза болду

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 17 кыргызстандык жаракат алганын жана бир киши алган жараатынан улам каза болгонун билдирди.

Буга чейин ӨКМ ок атышуудан жалпы 23 киши жарадар болгонун кабарлаган — алардын экөө оор абалда болчу.

Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы кырдаал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.

Чек ара чыры: Көк-Таш айылында үйлөр күйүп жатат

Ок атышуунун кесепетинен 15 кыргызстандык жаракат алды — ӨКМ

УКМК: Тажикстандын аскерлери «Головнойду» аткылап жатат