Министр Бейшеналиев парламенттин аны кызматтан алуу чечимине кубанганын айтты

29-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин аны кызматтан алуу чечимине кубанганын айтты. Анын пикиринде депутаттардын мындай чечими эски Конституциянын кудуретсиз экенин көрсөттү.

«Бул мисал биздин президент референдум өткөрүп, Баш мыйзамды алмаштырганы туура болгонун далилдеди» , — деди министр.

Бейшеналиев эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгын алардын андан өч алып жатканы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, ал көптөгөн депутаттардын даярдыгы жок тааныштарын, бир туугандарын ооруканаларга башкы дарыгер, директор кылып дайындабай койгону үчүн ага өчөшүп алган.

«Ошол эле Жанар Акаев өзүнүн жардамчысын Ош шаардык ооруканасынын директору кылып дайындоону суранган. Мага каршы сөз айтам деп мени бир нече ай коркутуп жүрдү. Бактыбек Райымкулов Фтизиатрия борборуна өзүнүн инисин же досун, Ысык-Ата ооруканасына да өзүнүн эч нерсени түшүнбөгөн бир таанышын жетекчи кылып дайындоону суранган. Менде ушундай 40 депутаттын тизмеси бар», — деди Бейшеналиев.

Бейшеналиев депутаттар аны парламентке чакырган учурда эки жолу тең иш сапарында болгонун билдирди. Анын айтымында, анын орун басарлары ошондой эле маалыматты бере алышмак, «бирок аларды эч ким укпай койгон».

«Адам президенттин тапшырмасы менен иш сапарга кеткени үчүн аны эч качан жумуштан алышпайт. [...] Мен президенттин тапшырмасы менен шашылыш турдө Нарынга кетишим керек болчу, ал жакка бир нече күндөн кийин көчмө клиника келет, мен парламент “мени качан коё берет” деп күтө бербей, бул ишке даярдык көрүшүм керек эле», — деп министр кошумчалады.

Бейшеналиев кызматынан кетүү ниети жок экенин, ишин уланта берерин билдирди. Эгер президент же премьер-министр аны кызматынан алуу чечимин чыгарса, ал кетүүгө даяр — мындай абалда аны «жакшы көргөн жумушу күтүп турат».

Бейшеналиевди «ээрден түшүрүү»

Парламент 28-апрелде премьер-министр Улукбек Мариповго саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан кетирүү сунушун берген.

Депутат Бекешевдин айтымында, Бейшеналиевди кызматынан кетирүүнү Жогорку Кеңештин 81 депутаты колдогон. Ошол эле учурда, Бейшеналиев өзү парламенттин отурумуна келген эмес. Бирок өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Нарын облусунда иш сапар менен жүргөнүн билдирген.

Бейшеналиевди кызматынан кетирүү боюнча акыркы чечимди өкмөт башчысы Улукбек Марипов кабыл алат.

Парламент Бейшеналиевди кызматынан бошотуу тууралуу чечимди, анын уу коргошун, же аконит деген ат менен да белгилүү болгон уулуу өсүмдүктүн жардамы менен коронавирусту дарылоо жөнүндө жар салганына байланыштуу чыгарган.

Министр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болорун айтып чыккан аткаминерлердин бири. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде соцтармактардагы барактарында жергиликтүү дарыгерлер коронавирусту дарылоонун ыкмасын тапканын жарыялаган. Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелдеги басма сөз жыйында кайнатманы ичкен.

Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.

Кийинчерээк Facebook Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнүн билдирген. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

19-апрелде депутат Жанар Акаев парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кетирип, анын ордуна компетенттүү кишини дайындоону сунуштаган. Анын сунушун комитет колдоого алган.

Тема боюнча: Депутаттар уу коргошун чуусунан кийин саламаттык сактоо министрин кызматтан алууну сунуштады

Дүйнөлүк окумуштуулар: COVID-19 жана рак илдеттерине уу коргошун жардам бербейт

Медик, юрист жана активисттер Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты